Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Жаш талант: Шахматчы Т.Жайнаков үй-бүлөсү менен бирге Кыргызстандын чемпиону болгон (фото)

Turmush -  Таалайбек Жайнаков 6 жашынан баштап шахматка катышат. Үйдө өзүнөн башка атасы жана агасы да шахмат ойношот. Таалайбек менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш шахматчы Чүй облусунун Москва районунда 2006-жылы төрөлгөн.

«Аатам дагы шахматка бала кезинен кызыгып келген экен. Азыр да ойноп калат. Мени 6 жашымда эле шахмат ийримине киргизип койгон. Ал эми байкем 9 жашында аралаша баштады. Үйдөн атам үчөөбүз ойнойбуз.

Үй-бүлөлүк мелдешке атам үчөөбүз катышып, 2015-жылы, 2016-жылы удаасы менен Кыргызстандын үй-бүлөлүк чемпионатында 1-орунду алдык. Ал эми өзүм 2013-жылы Кыргызстандын чемпионатында 10-орунду, 2014-жылы 3-орунду жана 2015-жылы, 2016-жылы удаасы менен 1-орунду багындырдым. 2017-жылы жана быйыл дагы 2-орунду алдым. 2015-жылы байкем экөөбүз тең Кореяга барып, Азия чемпионатына катыштык. 2016-жылы Монголияга барып, 9-орунга илинип келдик. 2017-жылы Ташкентке барып, 7-орунду багындырдым. Эми буюрса Тайландга барам деп камдануудамын. Кайсы жылы экени эсимде жок, бирок президенттин кубогун да утуп алгам. Байкем Сагыныч 2017-жылы президенттин кубогун жеңген. Келечекте дүйнө чемпиону болсом дейм», - деди ал.

Таалайбек үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

«2 байкем, 1 карындашым бар. Атам — Каттабек Эшбеков, апам — Малика Астанова. Биз Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сретенка айылында жашайбыз. Мен Кыргызстанда спорттун чеберлигине талапкермин», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1527
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×