Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

Т.Жумакадыров каза болгон жол кырсык: Айыпталуучу жол кырсык кандай болгонун айтып берди (видео)

Turmush -  Бүгүн, 25-январда Москва райондук сотунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон жол кырсык боюнча соттук процесс улантылды.

Соттук иш судья Нурлан Аджибековдун төрагалыгы алдында каралууда. Бул иш боюнча айыпталып жаткан жаран — Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургуну Афтандил Таалайбек уулу.

Соттук отурумдун жүрүшүндө «КамАЗдын» айдоочусу жол кырсык кандай болгонун айтып берди.

«Жол кырсык болгондон кийин унаа тарапка чуркап бардым. Унаанын арткы эшигин ачтым, жүргүнчү тирүү экен деп ойлодум. Алдыңкы отургучта отурган жүргүнчү тирүү экендиги билинип жатты. Мен тез жардам кызматына жана милицияга телефон чалууну сурандым. Бир аздан кийин ӨКМдин кызматкерлери келип, жабырлануучуларды өздөрү чыгара башташты», - деди айыпталуучу.

А.Таалайбек уулунун айтымында, ал мас абалда эмес болчу. Алдында ак түстөгү «Жигули» унаасы кетип баратканда ал андан ашып айдап өтүүгө аракет кылган.

«Алыстан унааны көргөм. Жаңы гана күн чыгып келе жаткан, бардык унаалар фараларын күйгүзүп айдап баратышкан. Жеңил унаадан ашып айдап өтүүгө үлгүрбөй калдым. Жип унаасы кагылышуу алдында фаралары менен сигнал берди. Мен буйтап кетүүгө аракет кылып, солго бурулдум. Жип дагы жолдун четине кайрылды. Мен токтоого аракет кылдым», - деди ал.

Айыпталуучу жол кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылбагандыгын белгиледи.

Ошондой эле, 2,1 млн сомдук чыгым боюнча ал: «Менде андай акча жок, мен төлөп бере албайм», - деди.

Окуя тууралуу

2017-жылдын 7-октябрында саат 06:45 чамасында Бишкек — Чалдовар жолунун 36-чакырымында Москва районунун Садовое айылында «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын жана «Тойота Ленд Крузер Прадонун» катышуусунда жол кырсыгы болгон. «КамАЗдын» 27 жаштагы айдоочусу — Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну рулду башкара албай «Тойота Ленд Крузер Прадо» менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Т.Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Төлөнбек уулу көз жумган. Ал эми, жүк ташуучу унаанын айдоочусу денесинен жаракат алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголуп, унаанын айдоочусу камакка алынган болчу.

Тема боюнча:

07.10.2017Вице-премьер каза болгон жол кырсык: Тергөөчүлөр «КамАЗдын» айдоочусун суракка алып жатышат
07.10.2017Вице-премьер каза болгон жол кырсык: «КамАЗдын» жүргүнчүсү окуя тууралуу айтып берди (фото, видео)
07.10.2017Фото — Жол кырсыктан вице-премьер-министр Т.Жумакадыров дүйнө салды
08.10.2017Фото - Бишкекте Т.Жумакадыровдун жардамчысы Н.Жамгырчиев акыркы сапарга узатылууда
09.10.2017Видео, фото: Вице-премьер Т.Жумакадыров Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду
09.10.2017Фото - Т.Жумакадыровдун 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов жерге берилди
07.10.2017Фото — «КамАЗ» Темир Жумакадыровдун унаасын бир нече метрге сүрүп, жол жээкке чыгарды, - күбөлөр
08.01.2018Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсык иликтенип бүтүп, иш сотко берилди
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1929
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×