Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Москва районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кантип күн өткөрүшөт? (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Мураке айылында «Манас» социалдык айылы балдар үйүндө 1-2-топтогу жана эң оор абалдагы майып балдар тарбияланат. Алардын алтоосу майып араба отурса, төртөө өз алдынча тамак иче алышпайт. Бул балдардын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышып келди.

«Манас» социалдык айылы коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлбарчын Шаршенкулованын айтымында, бирикме мамлекеттик эмес жана коммерциялык эмес уюм болуп эсептелинет.

«Учурда Кыргызстанда 178 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар экен. Анын 28 миңи балдар. Ушул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген биздин жарандарга жакшы шарттар азыркыга чейин түзүлүп бериле элек. Акырындап чаралар көрүлүүдө, бирок үйүндө отургандар бала бакчага же мектепке бара алышпайт. Керектүү кесипке ээ боло албай жүргөндөр көп.

Мен өзүм дарыгер элем. 2000-жылы көзүмдүн көрүүсү начарлап, кийин такыр көрбөй калдым. Ошондо 2003-жылы Бишкек шаарындагы «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборуна барып иштеп калдым. Ал жактан балдарга укалоо жасачумун. Бир күнү аталган борбордун жетекчиси мага Германиядагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай шарттар түзүлгөндүгү жөнүндө айтып калды. Биздин балдар чоңоюп, мекемеден чыккандан кийин эч жерге иштей алышпайт. Германияда болсо ушундай адамдарга атайын шарттар түзүлүп, кесиптерди окутушат жана социалдык айылдар бар экен. Ошол жерде өмүр бою жашап, иштеп өздөрүн өздөрү камсыздашат экен. Бул маалыматты угуп, 2004-жылы Германияга барып, ошондой айылдарды көрүп келдим. Ошентип, менде Кыргызстанга социалдык айылдарды түзүү идеясы жаралды», - деди ал.

Аталган социалдык айыл Москва районунда 2004-жылы түптөлүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кабыл алып баштаган.

«Алгач Бишкектен жер бөлүп бергиле десек, бизди эч ким укпай койгон. Мындан улам Москва районунан арзан жер сатып алдык. Андан кийин 4-5 жыл ижарага алынган үйдө иштедик. 2010-жылы грант таап, баягы жерге өзүбүздүн үйдү курдук. Дагы грант издештирип, 2015-жылы экинчи үйүбүздү куруп, ошол эле жылы мал сарай салдык. Бул социалдык айылга реабилитациялык борбордун жана Беловодск айылындагы психо-неврологиялык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн кабыл алабыз», - деди аталган коомдун жетекчиси.

Тарбияланган балдардын ичинен төртөө өз алдынча эч нерсе кыла алышпайт.

«Учурда борбордо 20 бала бар. Алар 1-2-топтогу жана оор абалдагы майып балдар. Анын алтоосу майып арабада отурса, төртөө таптакыр өз алдынча эч нерсе кыла алышпайт. Кашык менен тамак берип, памперстерин которуп карайбыз. Калганы ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша кол өнөрчүлүк менен алектенип, жайкысын күнөскана, огород жана мал чарба кармашат. Күнөсканада бадыраң, помидорлорду өстүрөбүз. Алар ушул эле балдарыбызга тамак-аш, азык-түлүк болуп берет. Сарайга болсо сүттү уйларды багабыз. Былтыртадан баштап койлорду да көбөйтүп, этти да өзүбүз өндүрүп калдык.

Бизде учурда 12 киши эмгектенет. Балдар жөлөк пулдан башка жардам алышпайт. Ошол себептен ар дайым грант, демөөрчүлөрдү издеп келебиз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1969
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×