Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 29.01.2018 12:14

Александровка айылдык кеңешиндеги 21 мандатка 78 талапкер ат салышты

Turmush -  Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Таалай Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, 21 мандатка 78 талапкер ат салышкан.

«Шайлоо тынч жана таза өттү. Айылдык кеңештеги 21 мандатка 78 талапкер ат салышты. Бизде жалпы 9947 шайлоочу бар. Шайлоо жакшы өтүп, эч кандай арыз түшкөн жок», - деди ал.

Буга чейин аталган айыл өкмөттө улут аралык жаңжал чыгышы ыктымал деген маалыматтар тарап, айылдык кеңешке шайлоодо дунган жана кыргыз улутундагы талапкерлер өз ара тирешип жатат деген кабарлар интернет булактарына жарыяланып кеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×