Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 30.01.2018 17:26

Айыл турмушу: Мугалим жана медайым С.Урманбетова майып балдарга кол өнөрчүлүктү үйрөтүп, германиялыктар менен кызматташып жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 67 жаштагы тургуну Сыйнат Урманбетова 30 жыл билим берүү тармагында эмгектенип, пенсияга чыккандан кийин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө кол өнөрчүлүктү үйрөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

С.Урманбетованын айтымында, окуучулары жасаган оюнчуктар Германияга жеткирилип, бир даанасы 15-20 еврого бааланат.

«Ушул балдар турмушка аралашып, колунан жаралган эмгектерине маңдайы жарыла кубанып жатышса ичиңден сүйүнбөй койбойсуң. Бул абдан сооп иш деп ойлойм. Мен иштеген «Манас социалдык айылы» коомдук бирикмесинин башкы максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген, оор абалдагы балдарды коомго аралаштырып, аларга бир нерсе үйрөтүп, өздөрүн бага ала тургандай даражага жеткирүү. Биздеги 22 баланын ичинен 16 бала кийим тиккенди билишет. Ал эми, мени менен дайыма Мээрим, Орунгүл, Баяман, Бектур деген 4 өспүрүм иштейт. Калган балдар мал чарбачылыгы менен алектенишип, бош убактысында кийим тигишет. Жакында эле жаңы 2 бала кошулду жана алар кийим тиккенди үйрөнүп баштады. Ал тургай майып арабада отурган кичинекей 2 бала да жардам беришет. Такыр ишке жарабагандар деле эки колуна жип кармап, көмөктөшүшөт. Балдар сынактарга, көргөзмөлөргө катышып, алдыңкы орундарды алып жатышат. Алар жасаган буюмдар Германияга түз кетип, бир даанасы 15-20 еврого сатылат. Балдар жасаган паннолор көргөзмө, сынактарга гана чыгарылат. Ал эми, эшек, кой, төө сыяктуу оюнчуктарды Германияга сатыкка кетиребиз. Андан түшкөн акча бул жердеги муктаждыктарга жумшалат. Бул каражат жетпейт, бирок бир аз болсо да жардам болот», - деди ал.

Кол өнөрчүнүн айтымында, алгач медайым, андан кийин мугалим болуп эмгектенген.

«Өзүм 1951-жылы Жайыл районунун Суусамыр айылында төрөлгөм. 1968-жылы мектепти бүтүрүп, Фрунзе медициналык окуу жайына тапшырдым. Ал жерде 3 жыл окуп, 6 жыл медайым болуп эмгектендим. Андан кийин Москва районунун Тилекмат орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп орношуп, аны менен катар мугалимдик кесип боюнча билим алдым. Аталган мектепте 30 жыл иштеп, 58 жашымда пенсияга чыктым. Айылдагы 4 аял биригип, тигүү цехин ачтык. Ал жерде иштеп жатканыма 6 ай болгондо аталган жерге кол өнөрчү керек экенин угуп, жумушка орноштум. Бул жерде иштеп жатканыма 1 жыл болуп калды.

Кол өнөрчүлүктү тай энемден үйрөнгөм. Ал мен мектепке барган мезгилден баштап эле сайма сайганды, шырдак шырыганды үйрөткөн. Апам да иштүү адам эле. Кол өнөрчүлүктү пенсияга чыккандан кийин улантып баштадым», - деди С.Урманбетова.

Кол өнөрчү үй-бүлөлүү, 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×