Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 01.02.2018 14:16

Беловодск айылындагы жол кырсыктан 3 жигит жаракат алды

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылынын аймагындагы жол-транспорт кырсыктан 3 адам жаракат алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, 1-февралда саат 10:00 чамасында Бишкек—Кара-Балта жолунун тилкесинде болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Алар:

- 1993-жылы туулган Д. уулу Б., Беловодск айылынын тургуну (баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган);

- 1993-жылы туулган А.Д., Беловодск айылынын тургуну (баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалып, акыреги сынган);

- 1993-жылы туулган К. уулу Б., Беловодск айылынын тургуну (баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган).

Аларга медициналык жардам көрсөтүү улантылып, жол кырсык фактысы текшерилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×