Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 12.03.2018 09:30

Беловодск айылында бакка урунган унаадагы ага-ини сынактар бөлүмүнө жаткырылды

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылындагы жол-транспорт кырсыгынан эки адам жабыркады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык 10-мартта катталып, рулду башкара албаган айдоочунун унаасы бакка урунган. Анын кесепетинен ооруканага эки жабырлануучу түшкөн.

Алар:

- 1999-жылы туулган К.Э., Беловодск айылынын тургуну. Жабырлануучу баш-сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган;

- 1997-жылы туулган О.Э., Беловодск айылынын тургуну. Жабырлануучу баш-сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган жана денеси көгөргөн. Учурда ага-ини сынактар бөлүмүндө дарыланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×