Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 27.03.2018 10:44 На русском

Азамат Эсенбеков Москва районунун башчысы болду (өмүр баяны)

Turmush -  Эсенбеков Азамат Эсенбекович Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Өмүр баяны:

Эсенбеков Азамат Эсенбекович

Билими:

- 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен каржы жана насыя адистигин алып чыккан;

- 2014-жылы Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер академиясынан дүйнөлүк экономика адистигине ээ болгон.

Экономика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

- 2005-жылдын январь айынан баштап август айына чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин району боюнча стажеру;

- 2006-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Каржылык чалгындоо кызматынын кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга аракет көрүү багыты боюнча мониторинг бөлүмүнүн инспектору;

- 2007-жылдын августунан баштап Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын жардамчысы;

- 2007-жылдын ноябрь айынан баштап декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратындагы ички байланыштар жана протоколдор башкармалыгынын жетекчиси;

- 2007-жылдын ноябрь айынан 2008-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Биринчи май районундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

- 2008-жылдын январь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Каржы министринин жардамчысы;

- 2009-жылдын январь айынан тартып 2011-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин капиталдык салымдарды каржылоо бөлүмүнүн башчысы;

- 2011-жылдан 2014-жылга чейин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык мамилелер академиясынан дүйнөлүк экономика адистигинде окуган;

- 2014-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

- 2015-жылдан азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн эксперти, каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн сырткы жардамды координациялоо секторунун башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×