Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 16.06.2018 12:19 На русском

Беловодск айылында аялдарга моралдык, материалдык жардам көрсөтүүчү тигүү цехи ачылды (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Москва районунун борбору болгон Беловодск айылында жаңы түптөлгөн тигүү цехи салтанаттуу түрдө ачылды. Ага райондук администрациянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аида Кененсариева жана жергиликтүү жетекчилер катышып, гендердик саясат, аялдардын коомдогу орду, жумуш менен камсыз кылуу маселелери жаатында сөз козгошту, деп билдирди кабарчы.

Тигүү цехинин ачылышы «Алсыз жарандардын кадырын жана укугун коргоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Рыскан Молдакунованын демилгеси менен ишке ашты. Ал 2014-жылы «Эне жана балага жардам» борборун түзгөн эле.

«Аялдар алгач чеберчилигин өнүктүрүү максатында кыргыз-орус лицейинде акысыз курстарда окушат. Андан кийин тигүү цехте иштеп башташат. Учурда 12 жумуш орду бар жана дагы 10 аялга шарт түзүүгө даярданып жүрөм. Максатым – турмуш шарты оор жагдайдагы аялдарга моралдык, материалдык жардам көрсөтүү», - деди жеке ишкер Р.Акиновна.

Ачылыш аземде «Ак эмгек айымдар» элдик чыгармачылык тобу менен «Кулун» балдар бакчасынын тарбиялануучулары концерт тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×