Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуМосква району 18.06.2018 08:30

Айыл турмушу: Балдарын жалгыз баккан Т.Жолборсбековага 11 жаштагы кызы талаада жалданып иштеп жардам көрсөтөт

Turmush -  Жашоо көйгөйүнө тике караган Тунук Жолборсбекова Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында 2010-жылдан бери жашап келет. Өзүнүн айтымында, жолдошу 2011-жылы Россияга кеткен эле. Ал 4 жылдан кийин бир жолу келип, ошол бойдон кабар алган эмес.

Жалгыз бой эне 2 кызын жетелеп жүрүп чоңойтту. Алардын улуусу Ырыскүл 11 жашта болсо, кичүүсү Мээрим 9 жашта. Оокатына тың болууга тырышкан Тунук айым 2016-жылы катуу ооруга чалдыгып, колдо болгон бирин-экин малын сатуу менен ден соолугун чыңдаган. Ал эми бул күндөр Тунук Жолборсбекованын жашоо турмушун башка нукка бурду. Тактап айтканда, оор ишке жарамсыз болгондон кийин чакан ишкерликке өткөн.

Учурда ишкер айым «Эне жана балага жардам» борборунан убактылуу алган кийим тигүүчү машинанын жардамы менен окуучулардын бий ийримине керектүү кийимдерди тигет. Ошондой эле чакан чарбакта малина отургузуп, түбүн жумшартып, убагында сугарып, түшүмүн алып жатат. Мындан сырткары 100дөн ашуун тоокторду багып, жөжөлөрүн чыгарып, аларды сатып өткөрүшөт. Жайкы эс алуу учурунда 11 жаштагы кызы Ырыскүл эгин талаасында жалданып иштеп, күнүгө 150 сом таап жатканын кошумчалады.

Бирок бул үй-бүлө канчалык аракет кылганы менен тапкан каражат эскилиги жетип, урап калуу коркунучунда турган үйүн жаңыртууга жетпей.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×