Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 18.06.2018 17:47

«Малина бышып кетти»: Москва районунда депутаттар мушташты

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылдык кеңештин депутаттары Идрис Жонвузов менен Абдулла Шарипов мушташкандыгын аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти. Өздүк булактардын берген маалыматына караганда, аталган депутаттардын ортосундагы чырга жүк ташуучу унаалардын бириндеги малина бышып кеткендиги себеп болгон.

«Биздин айылдык кеӊештин 2 депутаты 17-июнь күнү соода борборлордун биринен мушташа кетишти. Чыр эмнеден чыкканын кызыгып сураганыбызда, экөөнүн малина менен ишкерлик кылары маалым болду. Алар малинаны сатып алышканбы же өздөрүнүн тааласындагы түшүмдү алып келе жатышканбы, айтор жүк ташуучу унаа бузулуп калган экен. Анын үстүндөгү малина бышып, эч нерсеге жарабай калыптыр. Уруш ушундан улам болгон», - деп билдиришти алар.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Баги Ибрагим Юшизовичтин айтымында, эки депутат элдешүү алдында турушат.

«Чыр эмнеден чыкканын билбейм, айтор бир аз уруша кетишкени чын. Азыр экөө элдешүү алдында турат. Баары жакшы болот», - деди ал.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милиция кызматкерлерине 1984-жылы туулган жергиликтүү тургун Д.И. Абдулла аттуу кишинин үстүнөн арыз менен кайрылган.

«1984-жылы туулган Д.И. аттуу жаран Москва райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 17-июнь күнү Александровка айылындагы соода борборунун жанынан Абдулла деген киши аны ур-токмокко алганын билдирген. Бул окуя 18-июнда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш окуясын каттоо китебине жазылды. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×