Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 19.06.2018 08:36 На русском

Ишкер депутаттардын мушташы: Милиция Александровкадагы окуянын чоо-жайын ачыктады

Turmush -  Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн эки депутатынын мушташы боюнча кылмыш иш козголгон эмес жана эч ким камакка алынган жок. Бул тууралуу Москва РИИБдин жетекчиси Уран Шамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Андан кийин гана юридикалык баа берилет. Окуя 17-июндан 18-июнга караган түнүн болгон. Милицияга Александровка айыл өкмөтүнүн 37 жаштагы депутаты Ш.А.нын соккуларынан жабыр тартканын айтып 34 жаштагы депутат Д.И. кайрылган.

Такталган маалыматтарга караганда, Д.И. экинчи депутат Ш.А.дан Сургутка товар сатуу үчүн ижарага рефрижератор (муздаткычы иштеген унаа) алган. Бирок бардык товарын сата албай калып, убакыт өткөрүп жиберген. Д.И. кайтып келгенден кийин Ш.А.га ижара акысын төлөп бериши керек болгон. Ал товары сатылбай, акчасы акталбай калгандыктан төлөбөй койгон. Анын кесепетинен экөөнүн ортосунда чатак чыгып, мушташа кетишкен.

Азыр жабырлануучу Д.И. ооруканада жатат. Алардын ортосунда чатактын саясатка жана улуттар аралык мамилеге тиешеси жок. Анткени эки депутат тең дунган улутунан болушат.

Александровка айылдык кеңешинин төрагасы Сталбек Койчумановдун айтымында, жабырлануучу Д.И. депутат Ш.А.га карата чагымчылдык кылып, чатак чыгарган. Д.И. азыр Москва районундагы оорукананын травматологиялык бөлүмүндө дарыланууда. Маселе Москва РИИБдин жетекчиси У. Шамбетовдун көзөмөлүндө турат.

Кечээ, 18-июнда Turmush басылмасы аталган эки депутат базарлардын биринде мушташа кеткендигин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×