Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуМосква району 19.06.2018 09:06

Москванын Сретенка айылында 70 орундуу бала бакча ачылат (фото)

Turmush -  Жакында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сретенка айылында 70 орундуу балдар бакчасы ачылуу алдында турат. Сретенка айыл өкмөтүнүн башчысы Узак Саралаев маалымдагандай, «Россия» колхозунун кош кабаттуу конторасы 2015-жылы айыл өкмөтүнүн карамагына алынган. 2017-жылы долбоор түзүлүп, АРИСке катышкан. Бирок, тилекке каршы өтпөй калган. Ошол эле жылы кореялык кайрымдуулук фондунун жолдогон катынын негизинде жергиликтүү жетекчилер ага кайрылышкан. Фонддун өкүлдөрү айылга келишип, аталган имаратты кароодон өткөрүшкөн соң, бала бакчанын ачылышынын алгачкы жумуштары башталган. Бүгүнкү күндө фонддун каржылоосу менен жергиликтүүлөр жумуш менен камсыз болуп, иш кызуу жүргүзүлүүдө.

Болочок бала бакчанын айланасы темир тосмолор менен айыл өкмөтүнүн каржылоосунда тосулган. Иш ыргагы кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлүүгө мерчемделген бала бакча жакын арада ачылуусуна толук шарт бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×