Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Чүй

Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернаттын жаңы имаратынын курулушу толук каржыланат

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернаттын жаңы имаратынын курулушу ушул жылы толугу менен каржыланат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын иш сапарында айтылды, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Аталган стационардык мекеме 1935-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө анда 229 бала тарбияланат. Интернаттын аймагында 2017-жылы 40 балага эсептелген кошумча жаңы имарат курула баштап, сметалык наркы 47 млн сомду түзгөн болчу. Анын 10 млн сому гана каржыланган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, жаңы имараттын курулушун каржылоо маселеси толугу менен чечилген жана белгиленген убакта курулушу жыйынтыкталат. Өз кезегинде вице-премьер-министр райондук администрациядан бөлүнгөн каражаттар өз учурунда өздөштүрүлүшүн жана иштер өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү өтүндү. Жыйынтыгында вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга жер-жерлердеги абалды жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

А.Өмүрбекова Чүй облусуна уюштурулган жумушчу сапарынын жүрүшүндө облустун бир катар медициналык мекемелеринин иши менен да таанышып чыккан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 871
Көп окулду
×