Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Чүй

Айыл турмушу: Багбанчылыктын сырын өздөштүргөн З.Эрматова жер-жемиштин түрүн өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Москва районунун Ак-Суу айылынын тургуну Зухра Эрматова жолдошу менен жер-жемиштин түрүн өстүрүп киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дыйканчылык, багбанчылыктын сырларын жаштайынан өздөштүргөн Зухра айым 1 сотых жерден 120 килограмм малина алат.

«Жолдошум Бектур экөөбүз 5 гектар жерди ижарага алып, жүгөрү, картошка, помидор, ашкабак жана башкар жашылча-жемиштерди өстүрөбүз. Ошондой эле 1,5 гектар жерге алма бак отургузганбыз. Аларды суугарып, түбүн жумшартып, дарылоону өздөштүргөм. Учурда 80 сотых жердеги малина бышып, мөмө берүү алдында турат», - деди ал.

Аракет кылсаң берекет болот деген дыйкан түштөн кечке чейин талаа иштери менен алек.

«Бизге жергиликтүүлөр гана эмес Бишкектен да келишет. Учурда малинанын килограммы 100-120 сомго бааланууда. Мол түшүм алуу үчүн малинанын күзүндө отургузуу зарыл. Эрте жазда (кар алдында) тамыры жайгашып отурукташат. Ошондой эле сорту негизги ролду ойнойт. 1 сотых жерден 120 кг малина алабыз», - деди ал.

Зухра Эрматова жолдошу экөө эки баланы тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 926
Көп окулду
×