Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 29.06.2018 09:26

«Ааламды жүрөгүм менен көрөм»: Кароосуз калган үйдө жашаган Айткул атанын тагдыры (фото)

Turmush -  Көзү азиз, кароосуз калган үйлөрдүн биринде жашаган Москва районундагы Кош-Дөбө айылынын 62 жаштагы тургуну Айткул Бусурманкулов «ааламды жүрөгүм менен көрүп турам» деп, турмушун өткөрүп келет. 7 жаштагы кичүү уулу Исламга өзүн жетелетип, үй жумушун аткарат, тамак жасайт жана кир жууйт... Кээде көчөгө чыгышат. Мечитке барып, тааныштары менен аңгеме-дүкөн курат. Радиодон уккан жаңылыктарын талдайт. Эс-тутуму, ой жүгүртүүсү, кеп маданияты кадимкидей. Орус, кыргыз, араб тилдеринде эркин сүйлөйт жана сабаттуу да которо алат. Жаштайынан кара жумушка бышып, маданият тармагында да такшалган Айткул ата менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, орто мектепти аяктаган соң Бишкектеги циркте иштеген.

«Армиядан келип үйлөндүм. Келинчегим Бактыгүл экөөбүз колхоздун малын бактык. Мен уй кайтарам, ал саайт. Кээде мен да саачумун. Ошондой күндөрдүн биринде аялымды, тун кызымды айылга таштап, Кемин элдик театрына кетип калдым. Театрда көз боочулук өнөрдү 2 жыл аркаладым. Жумурткадан балапандарды, кулак, мурундан ленталарды чыгарып, элди таң калтырчумун. Бүтүн айнектен колумдун манжаларын, тамекини өткөрчүмүн. Ал күндөр кетти...

Жубайым Бактыгүл экөөбүз 5 балалуу болдук. Тагдыр экен ажырашып кеттик. Азыр никем бар. Экинчи аялым Елена Анатольевна менен 10 жыл жашадым. Орус аялымдан да 5 балалуу болдум. Алар балдар үйүндө. Кымбат, Саадат аттуу эгиз кыздарым бар. Апасы дайынсыз жоголуп кетти. Кайда болду экен? Мени 9 жыл жетелеп бакты, байкуш» - деди көзү азиз карыя.

Айткул атанын мурда көздөрү аман эле. 2008-жылы эшиктин алдын тазалап, чөп чаап жаткан. Кандайдыр бир «тарс» деген үн кулагына жаңырган соң эстен танган. Дарыгерлер көздүн кан басымы көтөрүлгөнүн ырасташкан.

«Учурда 5850 сом пенсия алам. Дин жолундамын. Көзүм сокур болсо да көөдөнүм таза, акылым менен сезип, жүрөгүм менен көрүп турам», - деди ал.

Колдон жетелеген 7 жашар уулунун, эгиз кыздарынын келечек тагдыры көп ойлонтот. Кароосуз калган үйлөр, көзү азиз Айткул, аны колдон жетелеген 7 жашар Ислам, чөп баскан жалгыз аяк жол — айыл турмушуна журулушуп барат.

Айткул атага жардам берем дегендер 0 552 01 02 93 номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×