Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Чүй

Айыл турмушу: Прапорщик Азамат өрттөнүп жаткан үйдөн 88 жаштагы карыяны алып чыккан (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун тургуну, прапорщик Азамат Муратбек уулу өрттөнүп жаткан үйдөн 88 жаштагы карыяны алып чыккан. Москва райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери анын эрдиги тууралуу аймактык кабарчыга айтып беришти.

Алардын айтымында, Беловодск айылынын Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы көчөсүндө №154 көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Кабарды уккан өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тез арада жетип барып, ыкчам аракеттерди көрүшкөн.

Үйдүн 1-кабатындагы өрттүн түтүнү экинчи кабатка көтөрүлгөндө Азамат өрттөнүп жаткан үйдөн 1930-жылы туулган пенсионерди түтүнгө тумчугуп жаткан жеринен сыртка алып чыгып, куткарып калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Көп окулду
×