Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Чүй

Атасыз үй, жалынсыз от: Баатыр эне И.Женалиеванын элеттеги жашоосу (фото)

Turmush -  44 жаштагы жалгыз бой эне Индира Женалиева Москва районунун Мураке айылынын тургуну. Анын айтымында, жолдошу Туңгучбек Турдубаев экөө 25 жыл бирге өмүр сүрүштү. 5 кыз, 2 уулду болушуп, өз алдыларынча түтүн булатып жашап келишкен.

Туңгучбек 2-топтогу майып эле. Кан басымы тез-тез көтөрүлүп, кээде жүрөгү ооруп, көзү караңгылап кетчү. Болор-болбос пенсиясы менен үй-бүлөнү багуу күн өткөн сайын кыйындап барган. Өздөрүнүн 6 гектар жерине беде өстүрүшүп, сугарып, чөбүн чаап, сатып тиричилигин жүргүзүп келген.

10 км алыста жайгашкан беде аянтка жөө барып, суунун кезегин күтүп, түнкү сугатты да уйку көрбөй аткарган учурлар болгон. Жыл сайын дарыгерлерге барып жүргөнүн акыркы 2 жылда унутта калтырды.

Асылган оорунун айынан 2015-жылы Туңгучбек 45 жашында каза болот. Артында 6 баласы менен Индира 3 айлык кызы Алияны бооруна кысып, боздоп калган күндөн баштап бүткүл түйшүк, балдарынын тагдыры мойнуна жүктөлгөнүн ал алкачкы күндөрү сезе бербеген.

Андан бери 3 жыл өттү. Улуу кыздарын турмушка берди. Өзүнө таандык 3 гектар жерди ижарага берип, анын акчасына кышка азыраак көмүр, балдарына кийим алат. Дайыма ойлуу, турмуш түйшүгүнө чөккөн Индира өткөн күндөрүн, кыйналганын, балдарынын аялуу жүрөгүнүн жабыркаганын айтып көзүнөн жаш алат. Өзүн токтотуп, аманчылык тилейт.

«Элден айланса болот. Айылдашыбыз Темурлан өткөн жылы кайрымдуулукка 1 уй берди. Сүйүнгөнүнөн балдарым аны Мая деп атап алышты. Быйыл апрелде тууп да берди. Торпогун Марта дейбиз. Балдарым ошентип ат коюп алган. Мая 10 литр сүт берет. 5 литрин ичебиз, калганын сатабыз. Балдарга 4 миң сом жөлөк пул алам. Биздин турмуш ушундай, жөпжөнөкөй. Балдарым чоңоюп баратат. Кудай буюрса, биз да жетилебиз. Эгерде жолдошум убагында дарыланганда өлбөйт беле, ким билет... Тагдыр экен. Балдарымдын келечеги үчүн күн-түн кара жанын карч уруп туруп албадыбы», - деди ал.

Индира балдарын ээрчитип суу ташыйт, короолорду жыйнайт, чөп жыят, орок орот.

Аялуу көздөр, жипсиз байланган алсыз сезимдер, атасыз үй, жалынсыз от үй-бүлөдө кадимкидей жүрөккө кадалып турат. Үй айланасындагы чакан малина, карагат, алмалар атасынан калган дыйканчылыгы. Аларды терип, кыям жасашып, кышка да кам көрүп алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 950
Көп окулду
×