Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Чүй

Айыл турмушу: Кесиптик лицейди артыкчылык диплом менен аяктаган Нурайым «Эң мыкты тигүүчү» наамын алды (фото)

Turmush -  Москва районундагы №28 Кыргыз-орус кесиптик лицейинде бүтүрүүчүлөргө диплом жана аттестат тапшыруу кечеси өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кечеде өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөрдүн бири — Акжолтой кызы Нурайым чарбак ээси кесибине ээ болуп, тигүүчү, чач тарач, ашпозчу адистигин артыкчылык диплом менен аяктады.

«Бул окуу жайда билим алып, турмушумда эң керектүү адистикке ээ болгонума сыймыктанам. Директорубуз Чагарбаев Сагынбек Кудайбергенович баш болгон окутуучуларыбыздын эмгеги зор.

Баарын акырындап үйрөнөт турбайсыңбы. Алгач практикага барганда нечен адамдардын чачын бузуп коюп уруш укканыма азыр уялам. Колдорум калтырап, өзүмчө сүрдөп, тер басып кетчү. Ашпозчулук оңой көрүнгөнү менен түйшүгү түркүн-түмөн тура. Бирде тузун аз салып, суусун көп куюп... Ал эми тигүүчүлүк өзүнчө өнөр экен. Алгач тигүүчү машинага отургандан коркчумун. Колумдун манжалары иштебей, ийне сайып кетчүдөй болуп, көздөрүмдү чоң-чоң ачып, тигилип карачумун. Кездемелерди бычканда, кыркканда кайчым башка жакка кетип, апам Гүлмирадан нечен жолу тил да уктум го. Чынын айтуу керек. Уйкуда жатканда түш көрүп, төшөгүмдү айрып жибере жаздаган күнүм да болду. Бирок баарына кайыл болдум. Окудум, үйрөндүм. Көрсө, аракет кылуу керек экен. Ошентип жүрүп сынактарга катышып, “Эң мыкты тигүүчү” наамын багындырдым», - деди ал.

Апасы Гүлмира Өктөмова 3 жыл аралыгында кызынын үй тиричилигине болгон дилгир мамилеси өзгөргөнүн, курбу күтүп, жамаатта тарбия алганына кубанат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Көп окулду
×