Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуМосква району 06.07.2018 10:42

Айыл турмушу: Миң ыр жазса, эки жүздөн ашыгын жатка билген айылдык акын А. Аманбаев (фото)

Turmush -  Москва районунун Петровка айылынын 79 жаштагы тургуну Абдулкак Аманбаев көп жылдан бери ыр жазып келет.

Ал учурда ардактуу эс алууда. Кезегинде колхоздо башкарма, мугалим, мектептин директору болгон. Жогорку билимдүү, КРнын Билим берүүсүнүн мыктысы. Кесиби — кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан мугалим. Өмүрлүк жубайы баатыр эне Шааникан апа экөө 11 баланы тарбиялап өстүрдү. Алар 26 небере, 5 чөбөрөнүн сүйүктүү ата-энеси. Айылдык акын менен аймактык кабарчы таанышты.

Балалыктан башталган поэзия дүйнөсүндөгү жашоосу айылдык акындын өмүр жолун коштоп келет. Абдулкак агай өзү кызык адам. Таң сүрө туруп, үй алдындагы чакан чарбагындагы бой тиреген теректерин таңдана, суктана карайт. Алар менен сүйлөшөт. Шуулдаган үнүнө кулагын төшөйт. Помидор, картошкаларын аралап кетет. Тооктору, аттары менен саламдашат, ыр түрмөгүн издейт.

Ыр сабындагы өмүрүн эскерет. Арман кылбайт. Китепти көп окуганына, эске тутуусунун жогору экендигине, жараткандын акындык талантты ыроологонуна сыймыктанат.

«Ушул жашка келип миңден ашык ыр жазсам, эки жүздөн көбүрөөгүн жатка билем. Чын айтам. Тээ студент мезгилимде бир курсташыма:

Айырмасын жакшы билбей чекит менен үтүрдүн,
Университетти бүт “5” менен бүтүрдүң.
Коммунисттин баары сендей куу болсо,
Анда бүттү бардыгына түкүрдүм - деп жазсам, досторум далайга чейин күлүп жүрүштү.

Ыр жазам деп атайын отурбайм деле. Кээде көңүлүмө уюп, жүрөгүмө толуп калат. Шайлоону жомоктогудай өткөрүп жүрөбүз го.

Акчаны каалаганга жумшадыңар,
Жабылып таракандай чуркадыңар.
Эл ичин тос-тополоң кылып коюп,
Эми кантип тынч алып уктадыңар.
Силерден кантип алат тарбияны,
Кийинки келе жаткан урпагыңар – деп, талапкерлерге таркаткан күндөр да болгон. Ыйманым чыдабады. Айрымдары телефон чалышып, коркутумуш болушат. Кайра күчөп, ыр менен соктум. Ошондо сөздүн, ырдын кубатына, күчүнө дагы бир жолу ынандым», - деди ал.

Атын жетелеп, оттотуп жүргөнү менен анын жүрөгү ырга байланган. Айрым учурда райондун борборундагы эс алуу паркына барып, шахмат ойнойт. Түркүн кеп курат, жаңы ыр сунат. Теңтуштар кол чаап, кубаттап калышат. Жарым кылым бирге жашаган жубайы Шааникан апага, балдарына, неберелерине жаңы ырларын окуп берет. Аларды күлдүрөт, черин жазат. Өзү дайыма шайдоот, тамашакөй, кээде түнөрүп да калат. Ал учурда эч ким менен сүйлөшпөйт. Бир аздан соң жазылып, жайылып, ыр окуп да кирет. «Бала кыялы кармап калыптыр» деп коюшат үйдөгүлөр.

Жубайыма

Сен кыйналсаң, мен өзүңдү аярым чын,
Мен кыйналсам бир кыйналган аялымсың.
Жаным ооруп, жанып кейип турган кезде,
Мен өзүңдөн ден соолукту аларым чын.

Бул ырдын тарыхы да өзгөчө. Экөө отуруп ырдап калышат. Обон да чыгарып алышкан. Айылдагылар «Агайдын ырын ырдайбыз» дешип обон созушат.

«Кыялымда ыр жазам. Алар менен жашайм. Кээде ойго чөмүлүп кеткенде, өз үйүмдөн өтүп кетип, көчөнүн аягына келип калганыма күлкүм келет», – деди акын.

Айылдык акындын жашоосу ушундай. Баары ачык-айкын, таптаза. Сыры, чыры жоктой. Бирок агайдын сыры — жан эргиткен, кейиткен ыры. Чымчыктын учканы, суунун акканы, шамалдын соккону, балдарынын күлгөнү, айрымдардын күйгөнү баары — ыр. Жүрөгүн аралап өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×