Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 06.07.2018 16:08

Москва районунда Чоң Чүй каналындагы сууга агып кеткен адамдын денеси табылды

Turmush -  Бүгүн, 6-июлда Москва районунун Садовое айылында Чоң Чүй каналындагы сууга агып кеткен адамдын денеси табылды. Окуя тууралуу билдирүү 4-июлда келип түшкөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сууга агып кеткен 1985-жылы туулган А.Ж.ны издөө иштери 5-6-июль күндөрү жүргүзүлүп, ага 13 куткаруучу тартылган. Маркумдун денеси саат 14:35те табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×