Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 09.07.2018 09:16 На русском

Бишкек—Кара-Балта жолунда жеңил унаа оодарылып кетип, 37 жаштагы адам жабыркады

Turmush -  Москва районунун Садовое айылында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 37 жаштагы адам жабыркады.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Бишкек—Кара-Балта жолунун тилкесинде жеңил унаа оодарылып кеткен. Жабырлануучу — Бишкек шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Т.З. райондук ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалганы аныкталды. Ал ооруканага жеткирилген учурда мас абалда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×