Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 13.07.2018 15:39

Айыл турмушу: Ыр сабында күн кечирип, таң атырган айылдык акын К.Бессонная (сүрөт)

Turmush -  Китептер дүйнөсүн жашоо образына, ыр түрмөгүн турмуш философиясына айланткан 35 жаштагы Ксения Бессоная Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Анын балалык, окуучулук күндөрү дал ушул айылда өттү. Токмоктогу республикалык маданият колледжин аяктаган. Учурда аталган райондогу Ч.Айтматов атындагы борбордук китепканада эмгектенет.

Ксения Викторовна деген ысым райондун аймагында жашаган көп улуттуу калктын китеп сүйүүчүлөрүнө таанымал. Кары-жашы дебей келгендер аны менен баарлашат. Ал да жаңы ырларын, балдарга арналган жомокторун окуп берип, черин жазат. Көп тилде эркин сүйлөп, котормочулук жөндөмүнүн пайдасы ушундай учурларда тийгенине кубанат.

Акыл азыгын аздектеген, ыр сабында күн кечирип, таң атырган айылдык акындын чыгармачылык жолу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Турмуш — түгөнбөгөн поэма, айтып бүтпөс дастан тура. Кеп башатында эле айрымдар “Ушул жашка чейин неге турмушка чыкпай жүрөсүң?” дешет. Бул соболго көнүп калгам. Алгач жиним келчү, анан адатка айланды. Туура, үй-бүлө күтүү керек. Бирок бүткүл өмүрүмдү ыр жазууга арнадым. Туруктуу позициям, пир туткан принцибим ушул. Ыр жазбасам, жашоом токтоп калышы мүмкүн. Ошондон ырахат алам, жаңы жаралгандарга жүрөгүмдү жылытам. Уксаңар... Азыр эле жаздым. Киндиги да кесиле элек ыр.

Жизнь коротка, она бежит, она кончается,
И нужно помнить, что живем мы несколько раз.
А чтобы близкий человек не смог отчаяться,
Нам лучше избегать обидных фраз.

Кандай жазылыптыр? Кайда жүрсөм да идеясын, саптарын мээме түйүп, эсиме жазып алам. Ооба, кагаз, калем жок эле. Кадимкидей эс тутумума саптары жазылат», - деди ал.

Кыялкеч Ксения айлыгын эмес байлыгын айтат. Анын 2014-жылы «Оставленный след...» аттуу поэтикалык жыйнагы жарык көргөн. Ал анын туңгуч чыгармасы. Кезектегиси учурда даярдалып жатат.

«Менин руханий да, моралдык да, материалдык да байлыгым — китепканадагы 21 миңден ашуун китептер, өзүмдүн жарык көргөн да, көрө элек да поэзиялык чыгармаларым, балдарга арналган жомокторум. Ушулар менен жашайм. Кээде сүйүнөм, күйүнөм. Күйүнгөнүм — начар саптарга, ырларга. Аларды мен жараттым да. Өзүмдү-өзүм күнөөлөп коём», – деди акын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×