Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 20.07.2018 10:14

Айыл турмушу: Мал багып, жер иштеткен депутаттын уулу күлүгүн 10 миң долларга сатты (сүрөт)

Turmush -  Жаштайынан айылдык турмуштун түйшүгүн тартып, элет эмгегинин жарчысы, маңдай тердин бактысы болгон 31 жаштагы жеке ишкер Алтынбек Мамбеталиев Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну. Анын балалык, жаштык курагы айылда өттү. Атасы Жумабай чабан болгондуктан, анын күн-түн, жайдыр-кыштыр түгөнбөгөн түйшүгүнө көмөктөшүү балдарынын мойнунда эле. Апасы Калича үй тиричилиги менен алек болсо, Алтынбектер кой жайып, короо кайтарып, атасынын кесибин жүрөгүнө түнөтүшкөн. Мектепти да ийгиликтүү аяктап, Беловодск айылындагы Кыргыз-орус лицейин бүтүрдү. Учурда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде окуйт. Билим, жумуш, теория, практиканы бир уюлга уюткан айылдык жеке ишкердин элеттеги эмгеги менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ардак менен арман да кошо жүрөт шекилдүү. Короо толо кой айдап, кырман толгон дан өндүрсөм эле “телегейи тегиз, жашоосу бейиш” дешет окшойт. Түн уйкумдан кечип, кээде талаада түнөп, жаан-чачында калып... Бул ата кесибим. Бейиши болгур ыраматылык атам 19 жашымда каза болду. Көкөйдү кескен жол кырсыгынан. Көз жашыбызды көлдөтүп, алтообуз жетим, байкуш апам жесир калды. Кезегинде атабыз Жумабай союз тарагандагы легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Андан соң башкарма болуп эмгектенди. Дайыма “балдарым, береке, бак-дөөлөт, ырыскы, бакыт жерде – Жер энеде. Жер эне эмгекчил адамды сүйөт. Эмгек мээнеттен жаралат” дечү. Апам баш болуп баарыбыз дасторкондо олтурганда ошентип акыл-насаатын айтчу. Анда ал сөздөрдүн төркүнүнө, тамырына маани деле бербептирмин. Көрсө, жаш экенмин. Эми ошол сөздөрү күндөн-күнгө кулагыма жаңырып, кээде ойлондуруп да коет. Жашыбыздан эмгекке бышырган тура. Менин өз колумдан ак нанымды татып, чайымды ичпей калганына өкүнөм, арман кылам. Биздин төрдө отурса гана... Кой жайып жүрүп, атамдын жалгыз аяк жолдорунда басам. Сагынып кетем. Ыйлагым келет. Тагдыр экен. 15 жашымда кадимкидей трактор башкарып, жер оодарып, чөп тартчумун. Ошол күндөр өмүр башатымдын ачкычы болду», - деди жеке ишкер.

Ижарага алган жерин да кошкондо 150 гектар аянтка жүгөрү, арпа, буудай, кызылча, беде өндүрүп, ондон ашуун адамды жумуш менен камсыз кылган ишкер бирде түздө, бирде тоодо. Өзү айткандай короосундагы беш жүздөй коюн, 10 уюн, 15 жылкысын жайлоого жаят. Жер иштетүүдө учурда 3 трактор, 1 немка шаймандары менен бар. Өзүңдө техника болбосо, ишиң илгерилебейт да.

«Үй-бүлө күттүм. Келинчегим Батма үйүмдүн куту. Апам Калича 58 жашта. Неберелери Альмина менен Маликанын эрмеги. Мал багуу өзүнчө түйшүк. Өзгөчө, Градус, Лимон, Таракан, Соң-Көл аттуу тулпарларым наристе күткөндөй эле астейдил мамилени талап кылат. Москва районунун “Ак-Суу” командасынын балдары улак тартып, менин аттарымды чабышты. Байгеге да ээ болушкан.

Баса, Ахат аттуу атым бар болчу. Ар дайым улак тартканда байгени багындырат эле. Жакында 10 миң долларга сатып жибердим. Азыр да кээде ичим ачышат. Анын үстүнө өзүм эгин карап, чөп оруп, мал жайып жүрсөм. Тулпарды да табында кармоо керек», - деди.

Ишкердин ишмердүүлүгүнө 12 жылдан ашып барат. Туугандары, айылдаштары, жоро-жолдоштору менен да сыйлашууга убакыт табат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×