Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 26.07.2018 09:53

Айыл турмушу: Айдоочулукту үйрөнө баштаган элеттеги айым О.Воронецкаянын жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жадыбалдай жатка билүүгө, коопсуздукту көкүрөгүнө сиңирүүгө дилин, бүткүл мүмкүнчүлүгүн багыттаган Ольга Воронецкая өмүрүндө алгачкы жолу рулга отуруп, жеңил автоунаа айдаганы кээде түш көргөндөй элес калтырып келет. Ал Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын 36 жаштагы тургуну. Балалыгы туулуп өскөн Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өттү.

Кесиптик окуу жайдан билим алып, дизайнер адистигине ээ болгон. Ал айылдагы жашоосу, айдоочулукка болгон даярдыгы менен таанышкан аймактык кабарчыга ишмердүүлүгү, кызыгуусу жөнүндө айтып берди.

«Жашоонун мүмкүнчүлүгү “лучше поздно, чем никогда” дегендей окшойт. Болбосо жолдошум Андрей айдоочу. “ЗИЛ” унаасын зуулдатып дайыма жолдо, жумушта. Бош убактысын таап, азыраак болсо да унаа айдаганды үйрөнүп албаптырмын. Мүмкүн уулдарым Никита менен Александр жаш болгондуктанбы же техникага кызыкпаган мүнөзүмдөнбү, айтор эми ушинтип окуп үйрөнүп жатам. Ооба, Москва райондук спорттук-техникалык коргонуу уюмунда. Анын жетекчиси 28 жаштагы Элнур Казимов, инструктор 60 жаштагы Талант Бөрүбаев экен. Мен 36 жаштамын. Көрдүңүзбү, айырмабыз бир топ. Бирок, максат бирөө.

Баса, рулда бара жатканда жол боюндагы белгилерди, тилкедеги сызыктарды баамдап жүрүү зарыл тура. Өзгөчө жөө адамдар өтүүчү жай, жол чырак өтө тактыкты, кылдаттыкты талап кылат экен. Теориясын окуп чыктым. Практика башка да... Тажрыйба аз», – деди ал.

Күтүлбөгөн жол кырсыгынан өмүрлөр кыйылган кабарларды уккан сайын айдоочулук күбөлүктү кандай жол менен алганына акылы жетпей келет. Сатылабы же тааныштар тартуулайбы? Кантип эле мындайга жол берилет? Үйдөгү балдарын эстейт.

«Жаш жогорулап, мүнөз калыптанып калганда окуган деле жакшы окшойт. Шашылбайсың, мактанбайсың. Тек гана үйрөнүү, үйрөнүү жана такшалуу оюңду ээлейт. Бир аз гана буттарың адаптация боло албай калганы менен бара-бара көнүүгө болот экен. Азыр кадимкидей айдап калдым. Бирок жогорку ылдамдыкта жүрө албайм. Ага инструктор Талант байке да жол бербейт. Баары эреженин негизинде», - деди Ольга.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×