Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 27.07.2018 11:14 На русском

«Курбуңду алып келсең, сага тийбейм»: Мурда соттолгон адам жарандык никедеги аялынын кызын зордуктап жүргөн

Turmush -  Москва райондук соту мурда соттолгон Бахтиярдын (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Соттолуучу абактан бошотулгандан кийин 2016-жылдын июнь айынан баштап Елизаветта (аты өзгөртүлдү) аттуу аял менен анын Темен-Суу айылындагы үйүндө чогуу жашап баштаган. Аялдын биринчи никесинен 2006-жылы туулган Ангелина (аты өзгөртүлдү) аттуу кызы болгон. Айыпталуучу ушул эле жылдын июнь айынан баштап декабрь айына чейин Ангелинаны үйдө жалгыз калганынан пайдаланып, күч колдонуп, аны менен жыныстык катнашка барып жүргөн.

Бахтиярдын айтымында, Молдовановка айылындагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жатканда интернет аркылуу Елизаветта менен таанышкан. Ал абактан чыккандан кийин экөө чогуу жашап баштаган.

«Өзүм эч жерде иштечү эмесмин, Елизаветтанын айлыгына жашачубуз. Биз менен кошо кичинекей балдар да жашачу. Алар менен мамилем жакшы болчу. Декабрь айынын башында саат 01:00 чамасында Ангелинага телефон чалып, дүкөндөн арак алып келип берүүнү сурандым. Өзүм дааратканада болчумун. Аны менен эч качан жыныстык катнашта болгон эмесмин», - деп көрсөтмө берди айыпталуучу.

Жабырлануучу Ангелина апасы, эки бир тууганы (эркек) жана Бахтияр менен чогуу жашап жаткан. Соттолуучу кыздын апасы жумушка кеткенде анын бир туугандарын аракка жөнөтүп, өзүн зордуктаган. Ал бул окуя тууралуу коркконунан апасына айткан эмес. Мындай окуя дагы бир нече ирет кайталанган.

«Декабрь айында апам менен Бахтияр арак ичип жатканда апам өзүн жаман сезип, уктап калды. Ал мени дааратканага алып барып, ыпылас иштерди жасады. Кийинки күнү да апам жумушка кеткенде мени зордуктады. Андан кийин апам мага телефон чалып, дааратканада эмне болгонун сурады. Мен ага бардыгын айтып бердим.

Ошондой эле Бахтияр "курбуңду алып келсең, сага тийбейм" деп айткан болчу. Мага эжем телефон чалып, Бахтияр тууралуу сураганда, мени зордуктап жатканын айттым. Улуу эжемдин күйөөсү келип, бир тууганым экөөбүздү Бишкекке алып кетти. Эжем менен жашап жатканда бардык окуяларды айттым», - деди жабырлануучу.

Жыйынтыгында сот Бахтиярды күнөөлүү деп таап, 23 жыл, 1 ай жана 22 күнгө эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×