Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 31.07.2018 10:14

Айыл турмушу: Тушоо тойдогу жарышта баш байгени алган 75 жаштагы ата эки улуттун кызына кайната болгон (сүрөт)

Turmush -  Элетте карылар калып, жаштар шаарга агылганы менен айыл Турусбек Сагынбаев өңдүү аталар менен кутунан ажырабай келет. Ал 75 жашта. Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Жаштык курагы айылда өттү. Автожол техникумун аяктап, техник-механик адистигине ээ болгон. Кесибин көп жылдар бою аркалап, пенсияга чыккан.

Анын үй-бүлөсү көп улуттуу. Уулу Бакыттын келинчеги орус кызы — Оля, Калыбектин аялы казак кызы — Салтанат. 2 уул, 1 кыздын, 6 неберенин атасы дайыма шайдоот жүрөт.

Үй тиричилигиндеги негизги маселелер ансыз чечилбейт. Байбичеси да оор басырыктуу. Ишсиз тура албаган айылдык Турусбек атанын жашоосу, өрнөк өмүрү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жакында 75 жашка толдум. Алдымды эмес артымды карасам бай дүйнө. Уул, кыздарым, неберелерим. Өзүнчө дастан. Өзүмдүн эмес ошолордун келечегин ойлоп калат экенсиң, жарыктык. Бүгүн деле күч кубатым кудайга шүгүр. Тарсылдатып чоң дөңгөчтөрдү жарам, чөп ором. Бакка чыгып алып алма терем. Менин жашымдагылар таяк таянып калышыптыр. Баса, неберемдин тушоо кесүү жөрөлгөсүндө 40 жаштан жогоркулар чуркаганда баарын артка таштадым го, атаганат. Аралыгы 500 метрдей эле. Баш байгени багындыргам. Ошондо ишендим. Чылым тартпаган, арак ичпеген организм кыймылга келген сайын энергия топтойт экен», - деди ал.

Кээде эс алуу паркына барып тааныштары менен маектешет. Шахмат, шашки ойнойт.

«Паркыбыз таза, иреттүү. Бирок отургучтарды ат кылып минип алып карыялар шахмат ойнойбуз. Жарашат бекен. Бир жолу шахмат ойноп жатканбыз. Эки киши келип, топко кошулуп калды. Бир убакта агамдын 60 жылдыгы болорун, ага арналган ыр керек экендигин айттым. “Илхом келсе жазып берем” деп койду бейтааныш киши.

Арадан бир канча күн өткөн соң, баягы киши, “Мына, ыр жазып койдум. Айылда кой кайтарып жүргөндө жазылды” деп кагазды берип басып кетти.

Куттуктайм туулган күнүң менен,
Өмүр өтсүн кубаныч күлкүң менен.
Бакыт кушу түнөсүн түндүгүңдө,
Бактылуу бол балдарың, жарың менен деп жазыптыр.

Кийин ал кишинин “Келин келди” деген ырлар жыйнагы жарык көрдү. Ал мен курактуу Жусуп Апылтаев деген киши экен. Азыр жолугушуп калабыз. “Сага ыр жазам деп акын болдум” деп тамашалап калат» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×