Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 10.08.2018 08:00

Айыл турмушу: Таякесинин кол өнөрчүлүгүнө таң калган Адинанын «Сары кыздын» тоюна баргандагы баяны (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын 19 жаштагы тургуну Санжыбек кызы Адина Баттал таякесинин сейрек кездешүүчү өнөрканасы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Жайкы каникулду окуучулар, студенттер ар түрдүүчө өткөрүшөт эмеспи. Мен болсо Ысык-Көлдөгү таякемдикине барып, «Сары кыздын» (өрүк фестивалы) тоюна катышып, өнөрдү пир туткан үй-бүлөдө эс алдым. Көптөгөн адабий китептерди окудум. Көлгө түшүп, чер жаздым.

Таякем 55 жашта. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Жаркымбаев айылында жашайт. Үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 2 уулдун атасы. Таажеңебиз Эльмира экөөнүн эрмеги 3 небереси. Кайда жүрүшсө да артынан ээрчишип, сары кыздын тоюнда жолтоо болгону-болгон. Таякем өзү кызык адам. Сүйлөгөн сайын сөзү арбып, чоң атасы Байзактын өмүр таржымалын айтып түгөтө албай келет. Ооба, ошондой, “Тарыхты билүү керек. Кезегинде Байзак чоң атам чоң санжырачы болгон. Керек болсо Садыр акенин оң колу болгондугун көлдүктөр айтып келишет. Мен ошонун тукумумун” деп мактанганын да койбойт. Ырас, айтканы туура. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окугандан көбүнчө кол өнөрчүлүгүнө кызыгып келем», – деди ал.

Көлдө өрүк терилип жаткан чак. Таякесинин айткан сөздөрүнө кулак салганы менен колдору чакалардан бошобой, тыным албаган жумуштарды эстеди.

«Таякем жеке ишкер. Балык өстүрөт. Багбанчылык, дыйканчылык жумуштарын жүргүзөт. Жаа, камчы жасайт. Ошону айтып берейинби. Өзүнчө эле жомок. Жааны тоо текенин мүйүзүнөн жасайт экен. Аны кайдан алат дебейсизби? Кумтөр, Ак шыйрак, Бедел коктуларындагы муз, күрткүгө кышында тоо текелерди карышкырлар сүрүп келет тура. Чоңдору баса албай өлүп, ошол жерде калышат. Алар тоо текелер дегеним, 80ден 200дөн ашыгырагы топ-топ болуп жүрүшөт. Жазында башкача айтканда май, июнь айларында муз, мөңгү кеткенде тургундар мүйүздөрүн терип келишет экен. Андан соң жууп-тазалап, кайнатып, жытын чыгарып, ийип, андан жаа, камчы жасашат. Баасын сурадыңызбы? Жаа – 800-1200 доллар, камчы 100-150 доллар турат. Жаанын огун табылгадан жасашат. Аны 1 жыл кургатып, тазалап ишке киргизет. Камчы деле ошондой түйшүктү талап кылат окшойт. Алаканы буканын терисинен жасалат. Мындайды таякемдер “тебетей көтөргөн камчылар” деп коюшат», - деди студент.

Адина: «Ишенесизби? Таякем жаа жасаганды толук үйрөнүү үчүн 8 жыл эмгектениптир. Нукура жаа да. Чет элден келгендер таңданышып, сатып ала беришет. Уулдары Нурбайзак, Азамат, кызы Айнарка өз алдынча түтүн булатып, үй-бүлө күтүшкөн. Алар атасынын мээнеткечтиги, тапкычтыгы, шамдагайлыгы менен сыймыктанышат. Баса, I-II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жаасы баш байгени багындырган. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кандайдыр бир кызгануу себептерден катыша албай жатканын ызалануу менен сөз кылды. Башкысы тапкан кирешесинен кайрымдуулук жүргүзүп келгенине кудайга шүгүр дешет», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×