Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 17.08.2018 09:40

Москва районунда «Мерседес-Бенц» өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 29 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 32 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 17-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдүн Москва районундагы Беловодск айылында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Өрттү жергиликтүүлөр өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүшкөн. Адамдар жабыркаган жок. Электр зымдардын кыска туташуусу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле Оштогу Өзгөн районунун Токтогул айылындагы талаада «Нива» үлгүсүндөгү комбайндын кыймылдаткыч бөлүгү жана 2 га саман күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×