Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 28.08.2018 23:25

«Көңүл бургула балдар»: Москва районунда жаш тескөөчүлөр жол эрежесин сактоону эскертишти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 28-августта Чүй облусунун Москва районунун аймагында жаңы окуу жылынын башталышына карата жол тескөөчүлөр «Көңүл бургула балдар» аталышындагы акция өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Акция айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакыруу жана балдар катышкан жол-транспорт кырсыктарын азайтуу максатын көздөйт. Иш-чаранын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр жаш инспекторлор менен бирге унаа менен жүрүш жасап, айдоочуларга окуу жылы жакындап калганын жана жол эрежесин сактоо керектигин эскертишти.

Андан кийин тескөөчүлөр жөө жүргүнчүлөргө, жаш балдарга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Акциянын аягында иш-чарага катышкан жаш инспекторлорго балмуздак жана таттууларды таратышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×