Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 31.08.2018 08:07

Айыл турмушу: Суунун үстүндө латина бийлеген 20 жаштагы Альбинанын өнөрү (сүрөт)

Turmush -  Мүнөзү ачык, ички сырын жашырбай заматта төгүлүп-чачылып айта салып, бий өнөрүнө өзгөчө кызыкканын суктануу менен сөз кылган Айбек кызы Альбина 20 жашта. Ал Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылынын тургуну. Табият тартуулаган талантын кастарлап, жүрөк каалоосун жан дүйнөсү менен кабылдап, жаштайынан бийге болгон ынтызарлыгы күн санап артып келет. Анын чыгармачылык жолу, максаттары менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен ата-энемдин жалгыз кызымын. Кайда жүрсөм да Айбек атам менен Акылай апамдын көз алдында жетилдим. Кара-Балтадагы колледжди бүтүрүп, экономист адистигине ээ болдум. Учурда китепканада эмгектенем. Ушул эле болгону. А, баса турмушка чыккам. 1,5 жаштагы уулум бар. Жолдошум Эмил, уулум Нурсултан болуп ээрчишип жүргөндө эмнегедир жетине албай, бактылуу үй-бүлөнүн башаты, алгачкы кадамдары бүт эркимди бийлеп алат. Кудайым ушундай күндөрдү кут кылсын. Элестетсеңиз. Өзгөчө майрам күндөрү уулума шар карматып, аны учуруп, жолдошум экөөбүз эл арасында жандай басып баратсак... Сөз жок, чексиз бакыт. Эмнегедир майрам, салтанаттуу күндөрдү жакшы көрөм. Кээде кадимкидей сагынып да калам.

Мектепке бара электе эле сыналгыдан мультфильмдерден көрүп алып, бийлей берчүмүн. Эч ким деле үйрөткөн жок. Мектепке барганда өнөрүм өнүктү. Кароо-сынактарда бий аянты меники эле. 8-класста болсо керек, Нооруз майрамында нөшөрлөп жамгыр жаап турган. Мугалимдердин каршы болгонуна карабай, жука кийимчен асфальттагы суунун үстүндө латина бийин бийлегенбиз. Азыр ойлоп күлүп коём. Атайын даярданып алганбыз да. Баса, Москва районубуздагы М.Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектебинде да окудум. Андагы “Рахат” бий тобунан таалим алганым “Салтанат” бий тобун түзүүгө негиз болду», - деди ал.

«Салтанат» бий тобу Айбек кызы Альбинанын демилгеси менен 2016-жылы уюштурулган. Учурда курамы көп улуттуу отуздан ашык окуучуларга улуттук жана чыгыш бийлерин үйрөтөт. Жардамчы кыздары Рамиля, Радима уюштургуч, ойлоп табуучулук жагынан дайыма изденүү жолунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×