Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 01.09.2018 11:12

Москва районундагы Беш-Терек айылынын 45 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү жана Беш-Терек айылынын 45 жылдык салтанаты Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айыл өкмөтүндө белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, алгач айылдык парад менен башталган майрамга райондун акими Азамат Эсенбеков катышып, Аймактарды өнүктүрүү жылындагы ийгиликтер, ааламга кеткен жол айылдан баштала тургандыгын, айыл ажарын ачуу жергиликтүүлөрдүн колунда экендигин баса белгиледи.

Айыл өкмөт башчысы Алмазбек Дубанаевдин айтымында, Беш-Терек айылынын калкынын саны 1,5 миң. Көп улуттуу. Көпчүлүгү Тажикстандан көчүп келишкен этникалык кыргыздар. Айыл өкмөтүндө 210 кожолук, 1 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакчасы жана 1 мечит бар. Беш-Терек райондун борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүүлөрдүн негизги ишмердүүлүгү – мал чарбачылыгы жана дыйканчылык.

Жыл санап айылга отурукташуу, турак жайлардын курулушу артып барат. Тактап айтканда, 2017-жылы эле 17 үй курулган. Айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу иретинде көчөлөр жарыктандырылган. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 2 үй-бүлө айыл өкмөтү тарабынан «Үлгүлүү үй-бүлө» наамын алган.

«Спорт, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тазалык жана башка көңүл борборунда. Улакчыларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 12 форма тиктирип бердим. Жаңы 2018-2019-окуу жылында даярдоо жана 1-класстарда окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бул мезгилге чейин окуу-тарбиялоо процесси орус тилинде жүргүзүлгөн. Беш-Терек айылынын тарыхында айылдык парад болгон эмес. Айылдык парад өткөрдүк», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×