Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 01.09.2018 12:50

Эгемендүүлүк күнү: Москва районунда улуттук саркеч кийимдер көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн салтанат салттуу саркеч кийимдердин көргөзмөсү жана театрлаштырылган программа менен айырмаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга раймамадминистрациясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Аида Кененсариева билдирди.

Маалым болгондой, борбордук аянтка топтолгон райондук түзүмдүн жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана жергиликтүү тургундар алгач салттуу саркеч кийимдердин көргөзмөсүнө күбө болушту. Ар бир этно кийимге аныктама берилип, элибиздин тарыхы, үрп-адаты, салты даңазаланды. Ошондой эле, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кылым карытар бир күн» романынан үзүндү тартууланды.

Салтанатта райондун акими Азамат Эсенбеков жергиликтүү тургундарды майрамы менен куттуктап, президенттин «2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндөгү» жарлыгынын алкагында аткарылган жумуштарга, жетишкен ийгиликтерге, райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө токтолду.

«Көп улуттуу калкыбыздын бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, биримдиктин чыңдалганын баса белгиледи. “Ак-Суунун ак элечек айымдары” этно-фольклордук тобу жана башка өнөр адамдарынын ыр күүлөрү жаңырды. Эгемендүүлүк майрамында азык-түлүк жарманкеси уюштурулуп, эс алуу паркында балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү», – деди Аида Кененсариева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×