Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 07.09.2018 08:10

Москва районунда «Үмүт» бала бакчасы ачылды (сүрөт)

Turmush -  6-сентябрда Москва районунун Сретенка айыл өкмөтүнүн Сретенка айылында «Үмүт» бала бакчасынын ачылыш салтанаты болуп өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, райондук түзүмдүн жетекчилери, кореялык демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышышты.

«Биздин айылда бул 2-бала бакча. Мурда Россия колхозунун конторасы болгон. Кореялык демөөрчүлөрдүн жардамы менен кош кабаттуу имарат кайрадан оңдоп-түзөлүп, 75 орундуу бала бакчасына айланып отурганы кубанычтуу. Бардык шарттар түзүлгөн. Керектүү жабдуулар менен камсыздалып, жылытуу системасы жакшыртылган. Бул 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылында айылыбыздын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Айылыбыз өнүксө, аймак өнүгөт эмеспи», – деди айыл өкмөт башчысы Узак Саралаев.

Сретенка айылында 5,5 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×