Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 07.09.2018 23:15

Көчмөндөр оюндары: Чүй ордосуна Москва районунун эң мыкты эки боз үйү тигилген (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосундагы Чүй ордосуна тигилген Москва районунун боз үйлөрү облус ичинде эң мыкты боз үйлөр деп табылды. Бул тууралуу акимдин орун басары Мирлан Карагулов билдирди.

Анын айтымында, Москва районунун атынан жалпы 2 боз үй тигилген.

«29-августта Кырчын жайлоосуна барып, Ысык-Көлдөн сатып алган эки боз үйдү тигип, даярдык көрүп баштаганбыз. Бизге III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтүү боюнча тапшырма берилген. Бир жылдан бери Гүлжан Ташкенова жана Жаңыл Абдылдаева аттуу дизайнерлердин жардамы менен даярданган болчубуз. 28 модель кыздарды алып чыктык. Жыйынтыгында 4-орунду алдык.

Көчмөндөр оюндары абдан жакшы өттү. Муну менен канча деген мамлекеттерге таанылып жатабыз. Мындан тышкары, эстафетаны Түркия өткөрүп алганына абдан кубандым. Быйыл 3-жолу катышып жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×