Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 13.09.2018 09:23

Айыл турмушу: Так теке ойноткон комузчу С.Молдошериповдун Көчмөндөрдөгү күүлөрү (сүрөт)

Turmush -  58 жаштагы Санжыбек Молдошерипов Москва районунун тургуну. II жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында так текени ойнотуп, көпчүлүктү таң калтырган өнөр ээси. Элибиздин салт-саана, үрп-адат, ырым-жырым жана жөрөлгөлөрүнө суктанганын айтып келет. Анын менен аймактык кабарчы таанышты.

«Деги, кыргыз элинин маданияты укмуш. Кырчында так текени ойноп жатканда чет элдиктер үңүлө түшүп, кайра-кайра сүрөткө тартып жатканы мени суктандырды. “Бек-Арстан тайчыны” элдик күүсүн черттим. Күү менен кошо текелер бийлеп жатса көрүүчүлөр мени тигиле карашат. Мен да көкүрөгүмдү көтөрө комузда кол ойнотуп койдум. Билесиңби, элдик күү “Бек-Арстан тайчы” көчмөндөр төө, ат, өгүз менен сапар тартып бара жаткан элести жаратат.

Угуп, көрүп коюш оңой. 2 текени жасоо үчүн 1 ай такай отурам. Сакалын жасоо эле татаал. Комузду, текелерди өзүм жасайм. Так теке кыргыз элине гана таандык. Илгери сыналгы жана башкалар болбогон соң көчмөндөр так текени ойнотуп көңүл ачышкан экен. Көп күүлөргө так текени ойнотсо болот. Баары элибиздин тарыхын, көчмөн калктын жашоо образын чагылдырат», - деди комузчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×