Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 15.10.2018 09:08

Айыл турмушу: Чек арачы М.Рыскулов гиря көтөрүү боюнча дүйнө биринчилигинде коло тагынды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун 23 жаштагы тургуну Мирбек Рыскулов Латвия Республикасынын Даугавпилс шаарында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде гиря көтөрүү боюнча коло медаль тагынды.

Мирбек Рыскуловдун айтымында, аталган мелдешке 30дан ашык өлкөнүн спортчулары катышып жатат.

«Мелдешке ушул жылдын 10-октябрында барып, таймаш 11-октябрь күнү башталды. Мен 73 кг салмакта гиря көтөрүү боюнча 12 спортчу менен атаандаш болдум жана 3-орунду багындырдым», - деди ал.

Спортчу гиря көтөрүү боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болгон.

«Спорт менен 2009-жылдан бери машыгып келем. Азыркы учурда спортчулардын арасында спорттун көп түрлөрүн өздөштүү модага айланды десем жаңылбайм. Мен да бир эле гиря көтөрүү менен гана чектелбей, спорттун башка түрлөрү менен машыгам. Кармаш-уруш жана жиу-житсу менен да машыгып келем.

1995-жылы Чүй облусунун Москва районунун Кыз-Моло айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун, агам жана иним бар. Өзүм чек ара кызматында кызмат өтөйм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×