Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 18.10.2018 12:07 На русском

Чүйдүн Садовое айылында милиция кызматкерлерине кол салгандардын үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Садовое айылында милдетин аткарып жүргөн милиция кызматкерлерине кол салуу болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-октябрда саат 18:00 чамасында 39 жаштагы Н.Р. аттуу аялдын арызын текшерүү үчүн Сокулук РИИБдин кызматкерлери Москва районунун Садовое айылына барган. Текшерүү учурунда аял арызында көрсөткөн адам милиция кызматкерлерине физикалык каршылык көрсөтө баштаган. Андан кийин үйдөн туугандары чуркап чыгып, алар да каршылык көрсөтүшкөн. Анын кесепетинен милиционерлерге жаракат келтирилген.

Аталган факты боюнча Москва РИИБдин оперативдүү тобу чыгып, окуя болгон жерде иликтөө жүргүзүлүп, соттук-медициналык экпертизалар дайындалды. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө зомбулук кылуу) менен кылмыш иш козголду. Кылмышка шектелип 32 жаштагы Н.Р. жана 30 жаштагы Ш.Р. аттуу адамдар кармалган. Бирок алар соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×