Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 22.10.2018 09:45

«Өзгөчө ысымдар»: Советбек, Союзбек аттуу бир туугандуу Комунизбек 31 жылдан бери элдин тишин дарылайт (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы — 59 жаштагы Комунизбек Бектурсунов.
Ал 1959-жылдын 25-декабрында Суусамыр өрөөнүндөгү 8-Март айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Дени сак жашоо образын даңазалап, тиш дарыгери адистигин өмүр жолуна байлаган Комунизбек Жуматаевич Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мына, 31 жылдан бери Москва районунун тиш дарылоо бейтапканасында дарыгер болуп эмгектенип келем. Эмгек жолумдагы күңгөй-тескей жагдайларды айтсам өзүнчө роман. Өзгөчө ысымдардын изи менен сапар алган соң, ошондон кеп козгоюн. Балага ат коюу каада-салт, жөрөлгөлөр элибизде турмуш жагдайларга жараша түрдүү. Кээде "азан айтып атын коем, теңир берген затын коем...” дешип, азан чакыруу менен ат коюлат. Айрым учурларда кырдаалга жараша, ата-эненин өтүнүчү боюнча ата-бабалардын, энелердин аттарын кайра коюу жөрөлгөлөрү жүзөгө ашырылат. Ал эми аптанын бир күндөрүндө төрөлсө, Дүйшөмбү, Жума жана башка уланат. Балдары токтобой жүргөн шартта Токтосун, Токтобүбү жана башка ушул сыяктуулар ыйгарылса, катар кыз болгон учурда Жаңыл, Бурул деген аттар берилет. Өзгөчө, ат коюу салтында үй-бүлөдө уйкаштыкка бөтөнчө маани берилген.

Атам Жуматай, апам Сыпабү 5 уул, 4 кызды жарык дүйнөгө жаратып, өздөрүнүн ой-максаттарына төп келген ысымдарды ыйгарышкан экен. Алар, уулдары: Советбек, Союзбек, Комунизбек, Майрамбек, Марлисбек, кыздары — Гүлина, Гүлсара, Гүлнара, Сайрагүл. Ал эми мен өмүрлүк жубайым Арзыкан экөөбүз 3 уулубузга Максат, Самат, Кубат деген аттарды энчилегенбиз. Неберебиз — Амина. Мына, ушундан эле коомдук кырдаалга жараша ат коюунун төркүнүн аңдоого болот да.

Ыраматылык атам согуштун ардагери эле. 1943-жылы кан майданга аттанып, 1947-жылы келген. Өзү партиянын мүчөсү болгон соң сөзү өтүмдүү, дили ак, айтканынан кайтпаган адам болгон. Мен төрөлгөндө айылдаштары “өзүңүз коммунист болсоңуз. Партиянын демилгесин колдоп жүрсөңүз балаңызга Коммунистбек деген атты коюңуз” дешкен экен. Ага макул болгон ата-энеме айылдык кеңештин катчысы “Бектурсунов Комунизбек Жуматаевич” деген ысымдагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктү беришкен», - деди тиш дарыгери.

Аны айылдаштары, кесиптештери «Каки» дешет. «Сөздү экономдогону, үнөмдөгөнү» деп өзү түшүндүрүп, каткырып күлүп коет. Тамашакөй, азил-чынды аралаштырып сүйлөсө, сөзү күлкүлүү да, туздуу. Өз кесибине, атына, кесиптештерине, үй-бүлөсүнө сыймыктанып жашайт. Жөө басканды, спорт менен машыкканды сүйөт. Кээде «Гүлкайыр», «Алтынчы күнү кечинде» жана башка ырларды ырдап, «Гүлүңдү үзсөм кечиргиң» деген кайрыгынан жаштыгын жан дүйнөсүнө чакырып алат.

К.Бектурсунов: «Саясатчы да, саякатчы да эмесмин. Тек гана И.Ахунбаев атындагы КММИнин стоматология факультетинин 1986-жылдагы бүтүрүүчүсүмүн. Тек гана катардагы көп жылдык тажрыйбалуу тиш дарыгеримин. Башкысы — элдин сүйгөн, урматтаган адамымын. үй-бүлөмдүн командиримин. Чындыкты сүйөм. Калп айтканды жек көрөм, тишин жулуп алгым келет.

Аялым мугалим, учурда пенсияда. Уулдарым Максат — экономист, Самат — Москвада стоматолог, Кубат — студент. Ата-энем ардактап койгон Комунизбек деген атыма, затыма жараша ак халатты кийип жүргөнүмө кудайга миң мертебе шүгүр», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×