Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 23.10.2018 12:54 На русском

Москва районундагы акимдин орун басары экинчи жолу мас абалда унаа башкарууга шектелип кармалды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун акиминин орун басары Мирлан Карагулов мас абалда унаа башкаргандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, Мирлан Карагуловго тиешелүү болгон автоунаа жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 20-октябрда саат 21:00дө Ленин көчөсүндө токтотулган. Андан соң унаа Москва районундагы айып пул төлөөчү жайга токтотулган.

«Чиновник рулду мас абалда башкарып бара жатыптыр. Ал атайын медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Учурда анын иши Москва райондук сотко өттү. Ошондой эле жеке булактардын маалыматына караганда, аталган чиновник райондогу мамлекеттик структуралардын айрым жетекчилери менен бирге ичимдик ичип, андан соң унаага отурган», - деп айтылат булактардын маалыматында.

Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Мирлан Карагулов мас абалда унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалгандыгын тастыктады.

Ал эми Мирлан Карагулов бул маалыматтарды четке кагып, бирөөлөр тарабынан атайын жасалган иш экенин жана өзүнүн актыгын сотто далилдей тургандыгын айтты.

«Андай болгон эмес. Мен соо болчумун. Муну атайын жасашты окшойт. Мен сотто далилдеп берем», - деди ал.

Москва райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери акимдин орун басары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин коштоосунда келип, алкоголдук ичимдик ичпегенин жана маңзат колдонбогонун аныктоочу атайын текшерүүдөн өткөндүгүн айтышты.

«Текшергенде анын алкоголдук ичимдик ичкендиги аныкталды. Бирок, ал бул жыйынтыкка макул эмесмин деп кол коюп кеткен», - деп билдиришти дарыгерлер.

Эске салсак, Мирлан Карагулов буга чейин да мас абалда унаа башкарып бара жатып, жол кырсыкка кабылган болчу. Окуя ушул жылы болгон.

Бишкек – Ош унаа жолунун аймагында 14-мартта болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында жол-транспорт кырсыгы катталган.

Окуянын күбөсүнүн айтымында, «Риом Авто» унаа базарына жакын жерде Москва районунун акиминин орун басарынын башкаруусундагы Mazda менен Mercedes-Benz кагышкан.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, Бишкек – Ош унаа жолунун 15-чакырымында Новопавловка айылынын 50 жаштагы тургуну С.Ч. «Мазда Милиена» үлгүсүндөгү унааны чыгыш тарапты көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеде жүргөн 40 жаштагы К.М.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен аталган унаалардын айдоочулары денелерине ар кандай жаракаттарды алып, Сокулук районундагы ооруканага жеткирилген. Жол кырсыкка тиешелүү материалдар Сокулук РИИБге өткөрүлгөн эле.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сокулук РИИБге саат 01:40та жол-транспорт кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда жабыркаган айдоочуларды ооруканага алып кетишкен.

Жол кырсыкка кабылган айдоочулар алкоголдук ичимдик ичпегенин жана маңзат колдонбогонун аныктоочу атайын текшерүүдөн өтүп, соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргөн.

Ал эми Москва районунун акиминин орун басары Мирлан Карагулов АКИрress маалымат агенттигине жол кырсыгына кабыл болгонун тастыктаган. Ал жол кырсыгы Сокулук районунда көпүрө курулуп жаткан аймакта болгондугун жана өзү мас абалда болбогондугун кошумчалаган.

«Жаан жаап, унаа карама-каршы тилкеде бара жаткан. Бул аймакта көпүрө курулгандыгына байланыштуу автоунаалар карама-каршы тилкеде жүрүшөт. Мен аны сол тарабым менен илип кеттим. Баш мээм чайкалып, көкүрөк тушум урунуп ооруп калган. Азыр ооруканада дарыланып жатам», - деди ал.

Карагулов Мирлан Кынатбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары болуп 2014-жылдын 24-сентябрында дайындалган.

Тиешелүү буйрукка 2014-жылдын 24-сентябрында премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×