Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 24.10.2018 09:37 На русском

Айылдык жыйында Александровка айыл өкмөтүнүн ишине «2» деген баа коюлду (сүрөт)

Turmush -  Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүндө айылдык жыйын болуп өттү. 9 айдын жыйынтыгы каралган жыйында аким Азамат Эсенбеков айыл өкмөтүнүн ишине «2» деген баа койду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Ильгиз (аты өзгөртүлдү) кабарлады.

Отчеттук докладын окуп кирген айыл өкмөтүнүн башчысы Баги Ибрагим Юшизовичке аким кайрылып: «Токтотуңуз, кагаз жүзүндөгү ишиңизди. Кагазды кооздоп жазып, сулуулап сүйлөйсүңөр. Иш жүзүндө андай эмес. Айылды көрктөндүрүү, билим берүү мекемелерин оңдоо иштери канааттандырбайт. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандылар тоодой жыйылган. Айыл ичиндеги жолдор каралбайт. Толгон-токой кемчиликтер бар. Силердин аткарган ишиңерге “2” деген баа берилет», - деди.

Аким тарабынан коюлган суроо-талапка айыл өкмөтү жооп таба алган жок. Кемчиликтерди тез арада жоюу үчүн ага 1 айлык мөөнөт берилди. «Эгерде белгиленген мөөнөттө иш-аракеттер аткарылбаса, тийиштүү чаралар көрүлөт», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×