Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 25.10.2018 10:23 На русском

Айыл турмушу: 28 жаштагы жер адиси Д.Чокморов жашоосун көк бөрүсүз элестете албайт (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун 28 жаштагы тургуну Дамирбек Чокморов 10 жылдан ашуун убакыттан бери көк бөрү ойноп келет. Ал аймактык кабарчыга айылдык көк бөрүчүлөрдүн сырлары менен бөлүштү.

«Көк бөрү оюнуна башынан эле кызыгып келем. Айыл жергесинде жашагандыктан үйдө жылкы кармайм. Чынын айтсам көк бөрү оюнусуз жашоомду элестете албайм. Көк бөрү оюнуна 10 жылдан бери катышым келем. Алган сыйлыктар жана жетишкендиктер да жок эмес. Көк бөрү оюнунда алган сыйлыктар көбүнчө акчалай түрүндө болот.

Минген атымды өзүм таптайм. Кээ бир оюнда иним Акбар экөөбүз алмак-салмак минебиз. Алар – Ракш жана Жиган. Ракш 9 жашта болсо, Жиган 4 жашта, жаңы кыргыз тукумунан. Ракштын өзгөчөлүгү – акылдуу, күчтүү. Баасы 150 миӊ сом. Ал эми Жигандын өзгөчөлүгү – мыкты коргоочу. Анын баасы 100 миӊ сом», - деди ал.

Дамирбек Чокморов оюн учурундагы окуяларын эске салды.

«Кызыктуу учурлар оюн ичинде көп кездешет. Бир жолу биздин айылда көк бөрү болду. Анда биз ырым кылып, казандын ордуна бир турак үйдүн короосун пайдаландык. Ал жерге 3 жолу улакты таштап кетиш керек. Эгер бир команда 2 жолу алып барса, ал жеӊишти алат. Андан соң ошол үйдүн ээси улакты союп, бизге куурдак бышырып, батасын берет. Бул оюнда да ушундай болду.

Бир күнү жумуштан чыгып, үйгө тийип эле Малтавар айылына оюнга бардым. Бирок оюнга жетишпей калдым. Аябай жаман болдум. Кайра маанайым жок үйгө келдим. Көк бөрүгө катышам деп ээлигип барып, ушундай учурларга туш болуп калсам кадимкидей ызаланам», - деди ал.

Дамирбек Чокморов 1990-жылдын 11-октябрында Москва районунда төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө алты бир туугандын эӊ улуусумун. Үч кыз, үч уулбуз. Москва районунун мамлекеттик каттоо кызматында жер адиси болуп 4 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келем. Учурда бойдокмун. Келечекте өзүмдүн курама командамды топтоп, республикалык деңгээлдеги командалар менен оюн талаасында беттешсек дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×