Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 29.10.2018 10:07

Өзбекстанда өскөн кайрылман Р.Буранова Москва районунда 20 жылдан бери балдарга билим берүүдө (сүрөт)

Turmush -  Эки элдин достугун чыңдап, каада-салт, үрп-адат, салттуу жөрөлгөлөрүн жан дүйнөсүнө сиңирген 55 жаштагы мугалим Разия Буранова Москва районундагы Кыз-Моло айылынын тургуну. Ал 1963-жылы 12-январда Өзбекстандын Ташкент облусунун Бука районунда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Балалык, жаштык курагы кичи мекенинде өттү. Орто мектепти аяктап, педагогикалык окуу жайда, андан соң Бишкек шаарындагы ЖОЖдон билим алды.

Өзбекстанда 13 жыл жаштарга билим берип, Кыргызстанга көчүп келгенден кийин эки элде жашаган кыргыздардын жашоо философиясында бир топ айырма бар экендигин аңдап, тыңдап келет. Бул багыттагы турмуш түшүнүктөрүн, достукту кармап турган алаканын маани-маңызын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Тагдыр, турмуш маңдайга эмнени жазса ошону көрүү, таануу жашоо мыйзамы белем. Кыз-Молого келип жашап, Целинная орто мектебинде иштеп жатканыма 20 жылдан ашты. 10 жылдык өмүрүмдү окуу бөлүмүнүн башчылыгына байлап келем. “Кадырлап турса кең мекен, Каныкей болуш эмне экен...” дешет го. Кудайга шүгүр. Элим, жамаатым Разия эжей дешип сыйлап турушат. Мектепте иш ыргагынан кээде жаралган көйгөйлөр жүрөгүмдү оорутат. Ишибизге тоскоол болгондор башыбызды ооруткан күндөр да болот. Бирок баарын жеңүүгө биримдикте кол байлайбыз. Негизги максатыбыз — билим сапатын көтөрүү, татыктуу тарбия берүү. Директорубуз Күлмира Чыналиева али жаш, болгону 4 жыл жетекчиликти аркалап келет. Мектеп аябай оңолду, өзгөрдү. “Балалык” балдар бакчасы кыска мөөнөттө 3 сааттык программа менен иштеп келет. Аны башкарган Айдың Жумабаева, жардамчысы Гүлбайра Эрматовалар улам жаңылыкты бал аарыдай топтоп, 2 каананы байытты. Шаардагы бала бакчалардан кем калышпайт. Баса, жакында райондук семинар өткөрдүк. Мектеп директорлору жасалган иштерге “5” деген баа койду. Бул биздин маңдай терибизден жаралган эмгегибиздин реалдуу критерийи», – деди ал.

Өз кесибинде сыймыктанып жашаган Разия Буранова эл достугу жөнүндө мындай дейт: «Биз, көпчүлүгүбүз Өзбекстандан келген этникалык кыргыздарбыз. Каныбыз, жаныбыз, дилибиз, тилибиз да кыргыз. “Асманда жылдыз, жерде кыргыз көп” дешет эмеспи. Ошолордун бирибиз да. Манастан руханий азык, Чыңгыздан “Канткенде адам улуу адам болот?” философиялык соболуна жооп издеп, кыргыз элибиздин салттуу жөрөлгөлөрүн колдонуп жашап келебиз. Өзбекче ырдай, бийлей алабыз. Кыргызча нукура жашайбыз. Мен кээде Кыз-Моло айылы жөнүндө ойлоно калам. Жерибиз кеңири, суубуз деле жетиштүү. Кыргызстанда мындай жараткан тартуулаган жерге миң мертебе таазим кылып жашашыбыз керек. Айрымдар 4 сотых жерге жетпей жүрсө, бизде гектарлаган аянттар элдин үлүшүндө. Дыйканчылыкка, мал чарбачылыгына эң ыңгайлуу жер. Бул жерде коон, дарбыз да өсөт. Жайында ысык, кышында кар жеңил болот. Тарыхый, тамыры терең жер. Ыйык десең да жарашат. Төркүнү, этимологиялык аталышы мындай:

Тээ илгери, бай бойго жеткен уулу менен сапар улап бул аймакка келет. Бир убакта сууга келген кыздардын шаңкылдаган үнүн угушат. Кулак түрүп, аттарын тык токтотот. Камыш арасында кыздар төркүн кеп курушуп, ырларды созушат. Бир оокумдан соң, ийиндерине бакан менен суу көтөргөн кыздар каркырадай тизилип үйлөрүнө жөнөшөт. Обочодо жалгыз кыз байдын көзүнө түшөт. Келишимдүү көркү, олоң чачы кырк өрүм кыз да байкап калат. Кыраакы бай “ушул сага татыктуу, уул төрөп берет” деп, жакшылап таанып коёт. Кийин кудалап бара турган болгондо кыз кырсыктап каза болот экен. Бай кедей кызды жерге бериптир. Ошондон “кыз моло” же “кыздын мүрзөсү” деген ат калган дешет жергиликтүүлөр. Ошондуктан, ыйык жерде адеп-ыйманды жогору тутуубуз зарыл».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×