Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 12.11.2018 14:26

Москва районундагы көп улуттун башын бириктирген көк бөрүдөгү чимирилген бийчилер (сүрөт)

Turmush -  Москва районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондун акиминин кубогуна арналган көк бөрү боюнча таймашта маданият өнөрпоздору таланттарын тартуулашты.

Өзгөчө, ат арытып борбордон келген Эмгек сиңирген артист Анара Нургалиева жетектеген «Ак-Марал» мамлекеттик ансамблинин бийчилери көрүүчүлөрдү кубантты. Алардын таймашта алган таасирлери жөнүндө «Ак-Маралдын» бийчиси — 29 жаштагы Жылдыз Абдрахманова аймактык кабарчыга айтып берди.

«Ч.Айтматов алакандай кыргыз элинин руханий асыл дөөлөттөрүн, жашоо образын дүйнө элине таанытты. Ала-Тоонун боорунда кичинекей ушундай касиеттүү уңгулуу, уюткулуу эл бар. Бул – кыргыз эли экендигин жар салды. Улуу жазуучунун 90 жылдыгына жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү оюну мени сыймыктандырат. Гүлсарат кошо чуркап, жер эне кубанып тургандай. Туура. Ушундай жолдор менен гана аймактарды өнүктүрөбүз.

Москва районунун элинин меймандостугуна, катар тизилген боз үйлөргө суктандым. Өзгөчө жергиликтүү бийликтегилердин кичипейилдүүлүгүнө, маданияттуулугуна жүрөгүм толду. Бирдиктүү эл, талант кадырын аздектеген тектүү журт экенине ынандым. Биз да өз чыгармаларыбызды тартуулап, чимирилип бийлеп, кол чабууларга татыдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×