Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 13.11.2018 08:36 На русском

Фото — Айылдашын өлтүрүп, өрттөп салган 4 адам кылмышты жашыруу үчүн анын досун да бычакташкан. Ал аман калды

Turmush -  Чүй ОИИБ менен Москва РИИБдин кызматкерлери оор кылмыш жасоого шектелген адамдарды кармады. Бул тууралуу кечээ, 12-ноябрда Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-октябрда Москва РИИБге аймактык ооруканадан аларга бычакталган адам келип түшкөндөгү тууралуу маалымат берилген. Иликтөөчү топ бычакталган адам Москва районунун 28 жаштагы тургуну П.Н. экендигин такташкан. Иликтөөнүн андан аркы жүрүшүндө ага 4 адам кол салгандыгы такталды. 25-октябрда саат 13:00 чамасында ага айылдаш 4 адам келип, арак ичебиз деп Заря айылы тараптагы талаага алып барышкан. Арак ичишкенден кийин алар аны сабап, курсакка бычак менен сайышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүүлөр аны балта менен да чабышкан. Андан кийин айылдаштары аны өлүп калды деп ойлоп, арыкка таштап кетип калышкан. Жабырлануучу аман калып, жолго чейин эптеп жетип, келе жаткан унаа менен ооруканага жеткирилген. Аталган факт РИИБ тарабынан каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (денеге атайын оор зыян келтирүү) боюнча кылмыш иш козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө башка оор кылмыш аныкталды. Айылдаш кылмышкерлер мындай кадамга мурда жасаган кылмышын жашыруу үчүн барышкан. Кылмыш оор болгондуктан иликтөөгө Чүй ОИИБдин кызматкерлери да кошулган. Милиция кызматкерлери тарбынан кылмышка шектелип 24 жаштагы К.Р., 25 жаштагы Б.Е., 38 жаштагы К.И. жана 40 жаштагы К.Н. кармалды. Алар Москва районунун тургундары болуп эсептелет. Мурда уурулук, тоноо, каракчылык боюнча соттолушкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 20-октябрь күнү аталган шектүүлөр айылдашын катуу сабап, денесин өрттөп салышкандыгы такталды. Андан кийин кылмышты жашыруу үчүн денени унаага жүктөп, адам жок жерге алып барып, аңга таштап салышкан. Өлтүрүлгөн адамдын досу ал кимдер менен кеткендигин билген жана кылмышты да билип коюшу мүмкүн эле. Андан кийин алар тез арада досунун да көзүн тазалоону чечишкен. Бирок ал бычакталгандан кийин аман калып, ооруканага жеткирилген.

Ал эми алар мурда өлтүргөн адамдын денеси айылдын четинен табылды. Ал 33 жаштагы С.О. экендиги такталды. Ал ноябрь айынан бери дайынсыз жоголуп жаткан.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү адамдар камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×