Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 20.11.2018 14:48

Москва районунда жайыт комитеттерине жаңы техникалар тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Москва районунун борбордук аянтында Ак-Суу, Чапаев, Садовой, Александровка айыл өкмөттөрүнүн жайыт комитеттерине салтанаттуу түрдө жаңы техникалар тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жаңы техникалар АРИСтин «Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу» долбоору аркылуу алынган. Жаңы техникалардын арасында 1 фронталдык жүктөгүч, «ГАЗель» унаасы, кыркын машинкалары, генераторлор жана башка айыл чарба техникалары бар. Мындан тышкары 12 жайыт комитетине бирден боз үй тапшырылды.

Иш-чарада район акими А.Эсенбеков АРИСтин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×