Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 24.11.2018 14:35

Москва районунда ӨКМдин жаш жоокерлери ант беришти (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жайгашкан Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга КРдин ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 77 болочок куткаруучулар Мекен алдында ант беришкен. Салтанаттуу иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Калыс Ахматов жана ант берген куткаруучулардын жакындары, туугандары катышышты.

Алгач жаш жоокерлер атайын даярдоо класстарынан өтүшүп, аскердик тартип жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу, куткаруу багытындагы иштерге катыша алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×