Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 26.11.2018 09:50

Кылмышкерди арканга таңып, жолдон унаа тосуп, РИИБге алып барган тескөөчү Ш.Молдобаев (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылынын улук тескөөчүсү, милициянын подполковниги — 54 жаштагы Молдобаев Шерик Анырович ички иштер бөлүмүндө 20 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип келет. Анын жашоосу, түмөн түйшүккө тордолгон ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1964-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында төрөлгөн. Балалык, окуучулук, жаштык курагы кичи мекенинде өттү. Мектепте окуп жүргөндө өтө зирек, спортко ышкыбоз, билим алууга дилгир экенин сыймыктануу менен айтат.

«Өтүп жатат өмүрлөр чиркин мейли, өкүнбөйлү жашоого шүгүр дейли...» деген ыр саптарын жан дүйнөсүнө түнөтүп, сүйгөн кесибинен элдин урмат-сыйына бөлөнүп жүргөнүнө сыймыктанат.

«Атам ырааматылык, бейиши болгур Аныр, апам Токтобүбү 10 баланы тарбиялап өстүргөн. Мен 9-баласымын. Ага-эжелериме шерик болуп, оорун колдон, жеңилин жерден алсын деген максатта атымды Шерик деп койгон шекилдүү. Атам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, апам баатыр эне болушкан. Ал 1942-жылы инилери Жакшылык, Тынчылык менен согушка аттанган. Инилери согуштан кайтпаптыр. Өзү 1944-жылы күзүндө бутунан жаракат алып, балдак менен келген. 1945-жылы Балыкчыдан апам менен таанышып, баш кошушкан экен.

Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анда окуучу элем. Бир тууган агам шаарда милицияда иштечү. Айылга барганда кийимдерин кийип, каадалуу адамдай колдорумду солдаттай шилтеп, ары-бери бассам баары күлүп калышчу. Кийимдери чоң келип, жерге этеги тийгенине кайыл элем. Азыр ойлоп кетем. Тээ балалык мезгилимде милиция болуу аруу сезимимдин алгачкы бүчүрү жүрөгүмө ошондо байланды окшойт», - деди ал.

Мектепти аяктап, армияда кызмат өтөгөн соң, 1985-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунан билим алып, инженер-куруучу адистигине ээ болгон. Жогорку билимдүү адис Бишкек шаарындагы Курулуш башкармалыгында прораб-мастер болуп эмгектенген. Союз тарап, иштеген мекеме токтоп калганда жумушсуз 2 жылдай жүргөнүн эскерет.

«Элибиз “эртең менен жумушка, кечинде үйгө шашкан адам бактылуу” дешет. Мындай сөздүн төркүнүн жумушсуз жүргөндө сездим. Бирок ал мезгилде таптакыр эле “алма быш, оозума түш” деп жатып алган жокмун да. Үй тиричилиги деле чарчатып койчу. Ошондой түйшүгү түгөнбөс, түбү чексиз күндөрдүн биринде көчөдө бара жатсам, айылдашым, агамдын досу, милициянын полковниги Тынчылык Мамырканов деген жолугуп калбаспы. Амандашып, ал жайды сурашкан соң “бош жүргөнүң болбойт, иним. Сенин агаң экөөбүз классташпыз, жакын жолдошпуз. Эртең Москва районуна барабыз. Сен жөндөмдүү, таланттуу жигитсиң. Райондук ички иштер бөлүмүнө орноштурам. Агаңдын жолун жолдо” деди. Көрсө ал агабыз Чүй облусунун ички иштер башкармалыгында маалымат бөлүмүнүн башчысы экен. Бул 1998-жылдын жаз айлары эле. Азыр айылга барганда ал байкеме жолугуп, саламымды үзбөй келем», - деди улук тескөөчү.

Шерик Молдобаев: «Ошентип, жашоомдун жаңы барагы ачылды. 20 жылдан бери Москва районунда жашап иштеп келем. Бул аралыкта билимимди өркүндөтүү максатында ИИМдин академиясын бүтүрүп, юрист адистигин алгам. Садовое айылдык аймактык инспектор, Александров, Садовое, Беш-Көрүк жана Винсовхоз айылдарынын (4 айыл бириктирилген) аймактык бөлүм башчысы, райондук коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы жана башка кызматтарды аркаладым. “Жалгыз карлыгач жаз чакырбайт” дешет. Жамаатымдагы милициянын майору Мээркул Бекназаров жана милициянын кенже лейтенанты Мирбек Алтыкеев ар убакта жакын жардамчым. Ал эми Москва РИИБдин жетекчиси Шамбетов Уран Узбекович туура жол көрсөткөндүгүнөн жемиштер жаралууда», - деди.

Келинчеги Эльвира Өмүралиева Москва районундагы К.Сыйданов атындагы орто мектептин мугалими. Адистиги – физик, математик. Алар 4 баланын ардактуу ата-энеси. Нурэмир, Аннур аттуу неберелерин жетелеп, кээде артына көтөрүп, таза абада сейилдегенди сүйүшөт. Алардын баёо сезиминен жашоонун ырахатын алат. Чарчоосун ошондон жазат. Эркелетет, бетинен сүйөт. Оболотуп обон созуп Т.Казаковдун «Жамгыр төктүсүн», А.Керимбаевдин көл жөнүндөгү ырларын берилүү менен аткарат. Кээде «келе жатып автобустун ичинде...» деп, күлүп да коет. Көрсө, студенттик күндөрдө келинчеги Эльвира менен алгачкы жолу автобуста таанышкан экен. Көңүлгө толуп, жүрөк каалап, ортодогу мамиле күн өткөн сайын тамырлап отуруп, Чүйдүн кызын Ысык-Көлгө алып барган тура. Ошондой, улук тескөөчүнүн жашоосу. Сары-Өзөн, Чүйдүн медалдарын, «Милициянын отличниги», «Аймактык тескөөчү» төш белгилерин жаркырата тагынып, келинчегин, уул-кыздарын, неберелерин ээрчите эл аралай басса, үлгүлүү үй-бүлөнүн, бактылуу жашоонун нуру теребелге чачып тургандай. Бирок, күн сайын эле турмуштун таттуу күндөрүнө бөлөнө берүү мүмкүн эмес да. Оор учурлар, уйкусуз түндөр, кылмышкер менен кармашкан күндөр болот эмеспи. Баштан өткөн окуяларын айтып отуруп өзгөчө буларга токтолду:

«Күндөрдүн биринде Садовое айылындагы көчөдө бара жаткам. Жол боюнда 4 адам ичкилик ичип отурушуптур. Негедир жүрөгүм бир нерсени сезди. Сураштырсам, “Любага келдик. Аны менен бирге чочконун этин сатабыз. Конокко келгенбиз” дешти. Тактоо үчүн бирөөсүн ээрчитип, Любанын үйүнө бардым. Ал да тааный турганын, конокко келгенин, Сокулуктун тургандары экендигин ырастады. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз сапарымды уладым. Бирок, негедир көңүлүм кандайдыр бир сырды тартып туруп алды. Арадан 2 күн өткөндөн кийин дал ошол аймактан адам өлтүрүү фактысы катталды. Мен чечкиндүү түрдө тиги 4 адамды издей баштадым. Көчөдө бир бейтааныш адам шектүүлөр көчөдө турганын кабарлады. Кадамымды ылдамдатып, ыкчам аракетке өттүм. Заматта бир адамдын качып бара жатканын көзүм чалды. Артынан чуркап таппай калсам болобу. Туш-тарапка элеңдеп, кесилиш жолдун багытын аныктап жатсам, жаш бала жардамга келди. Анын айтуусу боюнча сарайга кирип бардым. Көмүр төгүлгөн бурчка жашынган экен. Жакадан кармап, жолго сүдүрөп чыктым. Мага каршылык көрсөтө баштады. Жерге жаткырып, колдорун артына кайрып жатсам, аркан көтөргөн балдар бара жатышыптыр. Арканын сурадым да дароо байлап жетелеп, чоң жолдон жеңил автоунаа тосуп, шектүүнү райондук ИИБге алып баргамын. Тиги аркан көтөргөн балдар терек жыкканы бара жатышкан жергиликтүү атуулдар экен. Ошентип, кылмышкерди арканга таңып, айласын кетиргемин. Бул окуя болгонуна көп жыл болду», - деди милициянын отличниги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×