Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 03.01.2019 08:05

Тагдыр: Көрүүсүн бир заматта жоготкон дарыгер Г.Такырбашеванын түп-тамыры менен өзгөргөн жашоосу

Turmush -  62 жаштагы Гүлбарчын Такырбашева Москва районундагы Мураке айылынын тургуну. Ал Манас социалдык айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тарбиялайт. Анын жашоодогу арзуусу, көйгөйлүү күндөрү, аракеттен тапкан акыбети менен аймактык кабарчы таанышты.

Г.Такырбашева 1956-жылы 4-мартта жарык дүйнөгө келген. Чабандык кесипти аркалаган атасы Шаршенкул менен апасы Гүлсаранын тун баласы болгондуктан жаздын алгачкы күндөрүндөгү бактысын гүл жытына бөлөп, кызынын атын аздектөө менен Гүлбарчын коюшкан. Ал учурдагы ата-эненин кубанычы өзгөчө эле. Кой жайып жүргөн кырларда Шаршенкул ата «Кыздуу болдум, балалуу болдум!» деп тебетейин көккө ыргытып, аба жарып кыйкырса, Гүлсара эне ымыркайын бооруна кысып, мээримин төгүп мемиреген. Ошентип, Гүлбарчын эженин жашоодогу жарык күнү башталган. Анын келечекте табышмактуу тагдырын, кубанычтан бүткөн кайгылуу, армандуу күндөрүн, жарыкчылыктан караңгылыкка өткөн өмүр өргүүсүн анда эч кимдин түшүнө, оюна кирген эмес. Ошондой өмүр жолдорун өксүү, кээде балдарына сүйүнө кубануу менен баяндайт.

«Кадимки эле айылдык кыздардай балалыгым өттү. Тоо гүлдөрүн терип, чачыма улап өрүп дегендей... Айылдык мектептен 8-классты бүтүрүп, борбор шаарыбыздагы №5 мектепти аяктадым. Анда бул билим уясы республикадагы атагы чыккан мектеп эле. 10-классты аяктаган соң, 1973-1979-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алып, дарылоо факультетин ийгиликтүү аяктадым. Ошол жылы турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болдум. Өз алдыбызча түтүн булатып, куттуу үйдүн түндүгүн көтөрдүк.

Дарыгерлик кесибим өмүрүмө өрнөк болуп, сый-урматка бөлөндүм. Ошондой бактылуу күндөрүм, жашоодогу маңыздуу учурларым 2000-жылы актан карага, жарыктан караңгычылыкка өттү да калды... Тагдыр, жараткан маңдайга жазганын көрөт турбайбызбы», - деди ал оор үшкүрүнө.

Андан бери арадан 18 жыл өттү. Кечээ эле айлана-чөйрөгө көз чаптырып, сыркоолорду астейдил карап, ийне сайып, дары-дармек берип, үй жумушун тың аткарып жүрүп, бүгүн ал кыймыл-аракетти тааныбай, сезим менен гана туюп калуу эмне?.. Жараткандын жан дүйнөгө салган табышмактуу сырларыбы?.. Мындай ойлор алгач күн-түнү мээсине чырмооктой оролуп, басса-турса уйгактай жабышты. Канчалык ал ойлордон өзүн оолактатса да, ошончолук магниттей тартып, жан дилин жаргылчактай жанчты. Ал күндөрүн, бүгүнкү жашоосун мындайча эскерет.

«2000-жылдын февраль айында капысынан эле көздөрүм ооруп, 4-майда таптакыр көрбөй калдым. Жашоом 2 бөлүккө, жарыктык жана караңгычылыкка бөлүндү. 44 жыл жарыктыкты көрүп жүрүп, заматта башка ааламга туш келгенди элестетүү кыйын. Андай турмушту мен сыяктуулар гана билишет. Көптөгөн жайларда дарыландым. Германияга барып, түрдүү дарыгерлерге көрүндүм. Бирок тыянак чыкпады. Жарыктыкты көзүм менен эмес көкүрөгүм, жүрөгүм, дилим, аң-сезимим менен көрө баштадым.

Бишкекте дарыланып жүргөндө германиялык дарыгерлерден көптөгөн жардам алдым. Көзү азиздиктен профессиямды, жарыктыкты жоготсом да, Жараткан адамзатка ыроологон аруулуктан арыбадым. Үмүттүү жашоо өз ишмердүүлүгүмө айланды. Германияда социалдык айылдарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тарбиялана турган маалыматтар жашоо идеяма байланды. Ошондой айылды түзгүм келди. Акырында мына ошентип, 2004-жылы анын алгачкы пайдубалын түптөдүм. Жолдошум Жаныбек, уул-кыздарым Элзат, Бакыт, Таалайлар ден соолугума кам көрүп, иштеримдин үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап келишет. Бар болушсун, айланайындарым», - деди ал.

Ооба, анда 5 жаран тартылган. 18 жаштагы Бакыттын кыял жоругу, аң-сезими 5-6 жаштагы балдардай болсо, 18 жаштагы Танянын акыл-эси 2-3 жаштагы балдардай эле. 20 жаштагы Марсты апасы алып келип таштаган. 2 буту, 1 колу иштечү эмес. Ал эми 22 жаштагы Токтобек Таластан келген. Кулагы укпаган, дудук болгон. Сагынбекти Москва районунда көчөдө жүргөн жеринен 36 жашында мында алып келишкен. Акыл-эси жарды болгон. Алгачкы ишмердүүлүк ушундай жарандар менен башталып, соцпедагогдор жана башка кызматкерлер тартылып, ар бир балага жекече мамиле жасашты.

Манас социалдык айылына 2019-жылы 15 жыл толот. 15 жылдын ичинде жашоо шарты майыптарга ылайыкталган 3 үй салынды, ал үйлөрдө азыркы күнү 24 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт. Ал жаштардын баары кичинекей кезинен бери майып, жетим балдардын интернаттарында тарбияланышкан. Манас социалдык айылында бул жаштар үчүн кийиз өнөрканасы, мал чарбачылык, күнөскана, дыйканчылык өздөштүрүлгөн. Ошол өнөрканалардын жетекчилери менен ар бир жашоочу өзүнүн кызыкчылыгына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша иш орундар менен камсыздандырылган. Анткени мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ден соолугу чың жарандар сыяктуу эле толук кандуу жашоого, окууга, иштөөгө укуктуу. Ошону менен бирге биздин жашоочулар коомдун жашоосуна да аралашып, фестивалдарга, спартакиадага, көргөзмөлөргө катышышат.

Ата-энелеринин мээримин көрбөгөн атуулдарды тарбиялоо өзгөчө татаал. Гүлбарчын эжени баары «апа» дешет. Көзү көрбөсө да үндөрүнөн таанып, жүздөрүнөн сүйөт. Түрдүү булактардын каражат тапкан Г.Такырбашева энелердин күнүнө карата «Боорукер эне» грамотасы менен сыйланган, «Социалдык коргоонун отличниги» төш белгисинин жана 2018-жылы КРдин өкмөтүнүн ардак грамотасынын ээси болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×