Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Чүй облусуМосква району 05.01.2019 10:30

«Тагдыр»: Жаңы төрөлгөндө жүрөгү токтоп, жашоого мүмкүнчүлүгү аз деген Саиданын ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун 28 жаштагы тургуну Шерказым кызы Саида ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай ар кандай семинарларга, конференцияларга катышып, өзүн ар тараптан өстүрүп келет. Ал 3 жашка чыкканда дарыгерлер балдардын церебралдык шал оорусу деген диагноз коюшкан.

«Мен жети айлык болуп төрөлгөм. Апама дарыгерлер "балаңыз өтө алсыз, эки жолу жүрөгү токтоду. Бүгүн түндөн чыкса жашап кетет, чыкпаса өлөт" дешиптир. Апам түнү бою уктабай ыйлап чыгыптыр. Таңда чуркап барып караса, дем алып жатыптырмын. Жашап кетиптирмин. Апам көргөн көзүнө ишенбей аябай сүйүнүптүр. Ошол бойдон жакшынакай эле чоңоюптурмун. 3 жашка чейин кеч басат го деп жүрө беришиптир. 3 жашка чыкканда ооруканага көрсөтүшсө, балдардын церебралдык шал оорусу деген диагноз коюшуптур», - деди ал.

Шерказым кызы Саида оорунун айынан мектепте окуган эмес.

«Тилекке каршы мектепте окуган эмесмин. Бирок иним мектептен келгенде аны менен кошо жарышып окуганды, жазганды өз алдымча үйрөнгөм. Орус тилин телевизордон үйрөнгөм. Мени колдогон адамдар — апам менен иним. Кудайдан алардын ден соолугун тилеп жашап келем. Ал эми депрессияга кабылган эмесмин. Мен өтө оптимист адаммын, өзүмдү оорукчанмын деп эсептебейм. Ооба, физикалык жактан бир аз мүмкүнчүлүгүм чектелүү, бирок мен өзүмдү кандай болсом ошол бойдон кабыл алам», - деди ал.

Шерказым кызы Саида: «Анда кичинекей кезим эле. Сейил бакта селкинчекте отурсам, бир эже келип селкинчекти бошот деп урушуп баштады. "Мен кызымды отургузам" дейт. "Эже, мен баса албайм. Азыр иним арабамды алып келсин, турам" десем, такыр ишенбей ызылдай берди. Бир маалда иним арабаны алып келип отургузганда, ал эже аябай жаман болуп кетти. Ошондо ишенип, кечирим сураган.

Мурун такыр жалгыз эч жакка чыкчу эмесмин. 2016-жылы Алматага семинарга барып, ошол жактан ар кандай адамдарды көрдүм. Буту менен сүрөт тартып, буту менен тамак жегенин көрүп, менин жашоом 100 пайызга өзгөрдү. Мен аларга караганда кудайга шүгүрмүн деп, өзүмдө ишеним пайда болду. "Азыр мени эл карап жатат же эл эмне дейт" дебей шаарга чыгып, каалаган жериме барып, өз алдымча жүргөнгө үйрөндүм. Айта кетчү нерсе, атайын мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга арналган ар кандай семинар, конференцияларга катышып турам. Фотосессияга катыштым. Булардын баары жеке менин ийгилигим деп эсептейм. Кандай кыйынчылык болбосун баарын сабырдуулук жана жылмаюу менен жеңип келем. Мүмкүнчүлүк болсо сулуулук салонун ачкым келет. Бул менин кыялым, тилекке каршы шарт жок. Турмушка чыгып, сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуп, толук кандуу эл катары жашасам дейм», - деди.

Ал эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×